The Quran in Kirghiz - Surah Qariah translated into Kirghiz, Surah Al-Qariah in Kirghiz. We provide accurate translation of Surah Qariah in Kirghiz - القرغيزية, Verses 11 - Surah Number 101 - Page 600.
الْقَارِعَةُ (1) Кориа |
مَا الْقَارِعَةُ (2) Кориа эмне өзү |
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْقَارِعَةُ (3) (О, Мухаммад!) Сен Кориа эмне экенин билбейсиң |
يَوْمَ يَكُونُ النَّاسُ كَالْفَرَاشِ الْمَبْثُوثِ (4) Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат |
وَتَكُونُ الْجِبَالُ كَالْعِهْنِ الْمَنفُوشِ (5) Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот |
فَأَمَّا مَن ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ (6) Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе |
فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ (7) Көңүлүндөгүдөй жашоодо (Бейиште) болот |
وَأَمَّا مَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ (8) Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе |
فَأُمُّهُ هَاوِيَةٌ (9) Анын энеси— «Хаавия!» |
وَمَا أَدْرَاكَ مَا هِيَهْ (10) (О, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң |
نَارٌ حَامِيَةٌ (11) Ал-— катуу кызытылган тозок |