| وَالسَّمَاءِ وَالطَّارِقِ (1) Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин
 | 
| وَمَا أَدْرَاكَ مَا الطَّارِقُ (2) (О, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң
 | 
| النَّجْمُ الثَّاقِبُ (3) Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз
 | 
| إِن كُلُّ نَفْسٍ لَّمَّا عَلَيْهَا حَافِظٌ (4) Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар
 | 
| فَلْيَنظُرِ الْإِنسَانُ مِمَّ خُلِقَ (5) Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын
 | 
| خُلِقَ مِن مَّاءٍ دَافِقٍ (6) Атырылган (бел) суудан жаратылган
 | 
| يَخْرُجُ مِن بَيْنِ الصُّلْبِ وَالتَّرَائِبِ (7) (Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат
 | 
| إِنَّهُ عَلَىٰ رَجْعِهِ لَقَادِرٌ (8) Ал (Аллаһ) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү
 | 
| يَوْمَ تُبْلَى السَّرَائِرُ (9) Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө
 | 
| فَمَا لَهُ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ (10) (Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт
 | 
| وَالسَّمَاءِ ذَاتِ الرَّجْعِ (11) Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу
 | 
| وَالْأَرْضِ ذَاتِ الصَّدْعِ (12) Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү
 | 
| إِنَّهُ لَقَوْلٌ فَصْلٌ (13) Ал (Кураан) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз
 | 
| وَمَا هُوَ بِالْهَزْلِ (14) Азил-тамаша (сөз) эмес
 | 
| إِنَّهُمْ يَكِيدُونَ كَيْدًا (15) Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат
 | 
| وَأَكِيدُ كَيْدًا (16) Мен дагы амалкерлик кыламын
 | 
| فَمَهِّلِ الْكَافِرِينَ أَمْهِلْهُمْ رُوَيْدًا (17) Эми, сен (О, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер
 |