| إِذَا وَقَعَتِ الْوَاقِعَةُ (1) (Кыяматтык) окуя болгондо
 | 
| لَيْسَ لِوَقْعَتِهَا كَاذِبَةٌ (2) Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт
 | 
| خَافِضَةٌ رَّافِعَةٌ (3) Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү
 | 
| إِذَا رُجَّتِ الْأَرْضُ رَجًّا (4) Жер катуу силкинип, титирегенде
 | 
| وَبُسَّتِ الْجِبَالُ بَسًّا (5) Тоолор дагы талкаланып
 | 
| فَكَانَتْ هَبَاءً مُّنبَثًّا (6) чаң-тозонго айланганда
 | 
| وَكُنتُمْ أَزْوَاجًا ثَلَاثَةً (7) Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө
 | 
| فَأَصْحَابُ الْمَيْمَنَةِ مَا أَصْحَابُ الْمَيْمَنَةِ (8) Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)
 | 
| وَأَصْحَابُ الْمَشْأَمَةِ مَا أَصْحَابُ الْمَشْأَمَةِ (9) Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)
 | 
| وَالسَّابِقُونَ السَّابِقُونَ (10) Алдыңкылар — алдыңкылар
 | 
| أُولَٰئِكَ الْمُقَرَّبُونَ (11) Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор
 | 
| فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ (12) Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат
 | 
| ثُلَّةٌ مِّنَ الْأَوَّلِينَ (13) (Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар
 | 
| وَقَلِيلٌ مِّنَ الْآخِرِينَ (14) Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт)
 | 
| عَلَىٰ سُرُرٍ مَّوْضُونَةٍ (15) Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө
 | 
| مُّتَّكِئِينَ عَلَيْهَا مُتَقَابِلِينَ (16) жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат
 | 
| يَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَانٌ مُّخَلَّدُونَ (17) (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт
 | 
| بِأَكْوَابٍ وَأَبَارِيقَ وَكَأْسٍ مِّن مَّعِينٍ (18) Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен
 | 
| لَّا يُصَدَّعُونَ عَنْهَا وَلَا يُنزِفُونَ (19) Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт
 | 
| وَفَاكِهَةٍ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ (20) (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен
 | 
| وَلَحْمِ طَيْرٍ مِّمَّا يَشْتَهُونَ (21) табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт)
 | 
| وَحُورٌ عِينٌ (22) Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар
 | 
| كَأَمْثَالِ اللُّؤْلُؤِ الْمَكْنُونِ (23) (Седепте) жашынган бермет сыяктуу
 | 
| جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ (24) Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына
 | 
| لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا تَأْثِيمًا (25) (Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт
 | 
| إِلَّا قِيلًا سَلَامًا سَلَامًا (26) Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат
 | 
| وَأَصْحَابُ الْيَمِينِ مَا أَصْحَابُ الْيَمِينِ (27) Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)
 | 
| فِي سِدْرٍ مَّخْضُودٍ (28) (Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында
 | 
| وَطَلْحٍ مَّنضُودٍ (29) Мөмөлүү банан бактарында
 | 
| وَظِلٍّ مَّمْدُودٍ (30) Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө
 | 
| وَمَاءٍ مَّسْكُوبٍ (31) (Шар) аккан суулар(дын боюн)да
 | 
| وَفَاكِهَةٍ كَثِيرَةٍ (32) Көп мөмө-жемиштердин ичинде —
 | 
| لَّا مَقْطُوعَةٍ وَلَا مَمْنُوعَةٍ (33) Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн
 | 
| وَفُرُشٍ مَّرْفُوعَةٍ (34) (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө
 | 
| إِنَّا أَنشَأْنَاهُنَّ إِنشَاءً (35) Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык
 | 
| فَجَعَلْنَاهُنَّ أَبْكَارًا (36) Биз аларды бикир* кылып жаратып
 | 
| عُرُبًا أَتْرَابًا (37) Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук
 | 
| لِّأَصْحَابِ الْيَمِينِ (38) Оң тарап ээлери үчүн
 | 
| ثُلَّةٌ مِّنَ الْأَوَّلِينَ (39) Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар
 | 
| وَثُلَّةٌ مِّنَ الْآخِرِينَ (40) Акыркылардан азыраак жамааттар
 | 
| وَأَصْحَابُ الشِّمَالِ مَا أَصْحَابُ الشِّمَالِ (41) Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)
 | 
| فِي سَمُومٍ وَحَمِيمٍ (42) Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде
 | 
| وَظِلٍّ مِّن يَحْمُومٍ (43) жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»
 | 
| لَّا بَارِدٍ وَلَا كَرِيمٍ (44) Анын салкыны да жок, көркү да жок
 | 
| إِنَّهُمْ كَانُوا قَبْلَ ذَٰلِكَ مُتْرَفِينَ (45) Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле
 | 
| وَكَانُوا يُصِرُّونَ عَلَى الْحِنثِ الْعَظِيمِ (46) Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан
 | 
| وَكَانُوا يَقُولُونَ أَئِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ (47) Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз
 | 
| أَوَآبَاؤُنَا الْأَوَّلُونَ (48) Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен
 | 
| قُلْ إِنَّ الْأَوَّلِينَ وَالْآخِرِينَ (49) (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы
 | 
| لَمَجْمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَاتِ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ (50) Белгиленген күндүн убадасына чогултулат
 | 
| ثُمَّ إِنَّكُمْ أَيُّهَا الضَّالُّونَ الْمُكَذِّبُونَ (51) Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар
 | 
| لَآكِلُونَ مِن شَجَرٍ مِّن زَقُّومٍ (52) «Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер
 | 
| فَمَالِئُونَ مِنْهَا الْبُطُونَ (53) Аны менен курсагыңарды толтуруп
 | 
| فَشَارِبُونَ عَلَيْهِ مِنَ الْحَمِيمِ (54) Үстүнөн кайнак суу ичесиңер
 | 
| فَشَارِبُونَ شُرْبَ الْهِيمِ (55) Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»
 | 
| هَٰذَا نُزُلُهُمْ يَوْمَ الدِّينِ (56) Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул
 | 
| نَحْنُ خَلَقْنَاكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ (57) (О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле
 | 
| أَفَرَأَيْتُم مَّا تُمْنُونَ (58) Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү
 | 
| أَأَنتُمْ تَخْلُقُونَهُ أَمْ نَحْنُ الْخَالِقُونَ (59) Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы
 | 
| نَحْنُ قَدَّرْنَا بَيْنَكُمُ الْمَوْتَ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ (60) Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз
 | 
| عَلَىٰ أَن نُّبَدِّلَ أَمْثَالَكُمْ وَنُنشِئَكُمْ فِي مَا لَا تَعْلَمُونَ (61) Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга
 | 
| وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ النَّشْأَةَ الْأُولَىٰ فَلَوْلَا تَذَكَّرُونَ (62) Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби
 | 
| أَفَرَأَيْتُم مَّا تَحْرُثُونَ (63) Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы
 | 
| أَأَنتُمْ تَزْرَعُونَهُ أَمْ نَحْنُ الزَّارِعُونَ (64) Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү
 | 
| لَوْ نَشَاءُ لَجَعَلْنَاهُ حُطَامًا فَظَلْتُمْ تَفَكَّهُونَ (65) Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып
 | 
| إِنَّا لَمُغْرَمُونَ (66) «Чынында биз зыянга баттык
 | 
| بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ (67) (Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер
 | 
| أَفَرَأَيْتُمُ الْمَاءَ الَّذِي تَشْرَبُونَ (68) Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы
 | 
| أَأَنتُمْ أَنزَلْتُمُوهُ مِنَ الْمُزْنِ أَمْ نَحْنُ الْمُنزِلُونَ (69) Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү
 | 
| لَوْ نَشَاءُ جَعَلْنَاهُ أُجَاجًا فَلَوْلَا تَشْكُرُونَ (70) Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы
 | 
| أَفَرَأَيْتُمُ النَّارَ الَّتِي تُورُونَ (71) Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы
 | 
| أَأَنتُمْ أَنشَأْتُمْ شَجَرَتَهَا أَمْ نَحْنُ الْمُنشِئُونَ (72) Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби
 | 
| نَحْنُ جَعَلْنَاهَا تَذْكِرَةً وَمَتَاعًا لِّلْمُقْوِينَ (73) Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн
 | 
| فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ (74) Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
 | 
| ۞ فَلَا أُقْسِمُ بِمَوَاقِعِ النُّجُومِ (75) Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин
 | 
| وَإِنَّهُ لَقَسَمٌ لَّوْ تَعْلَمُونَ عَظِيمٌ (76) Бул өтө улук ант, эгер билсеңер
 | 
| إِنَّهُ لَقُرْآنٌ كَرِيمٌ (77) Ал- Улук Кураан
 | 
| فِي كِتَابٍ مَّكْنُونٍ (78) Сакталган-жашыруун Китепте
 | 
| لَّا يَمَسُّهُ إِلَّا الْمُطَهَّرُونَ (79) Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт
 | 
| تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ الْعَالَمِينَ (80) Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн
 | 
| أَفَبِهَٰذَا الْحَدِيثِ أَنتُم مُّدْهِنُونَ (81) Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы
 | 
| وَتَجْعَلُونَ رِزْقَكُمْ أَنَّكُمْ تُكَذِّبُونَ (82) Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы
 | 
| فَلَوْلَا إِذَا بَلَغَتِ الْحُلْقُومَ (83) (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе
 | 
| وَأَنتُمْ حِينَئِذٍ تَنظُرُونَ (84) Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар
 | 
| وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنكُمْ وَلَٰكِن لَّا تُبْصِرُونَ (85) (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр
 | 
| فَلَوْلَا إِن كُنتُمْ غَيْرَ مَدِينِينَ (86) Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор
 | 
| تَرْجِعُونَهَا إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ (87) (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор
 | 
| فَأَمَّا إِن كَانَ مِنَ الْمُقَرَّبِينَ (88) Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо
 | 
| فَرَوْحٌ وَرَيْحَانٌ وَجَنَّتُ نَعِيمٍ (89) (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр
 | 
| وَأَمَّا إِن كَانَ مِنْ أَصْحَابِ الْيَمِينِ (90) Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо
 | 
| فَسَلَامٌ لَّكَ مِنْ أَصْحَابِ الْيَمِينِ (91) Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун
 | 
| وَأَمَّا إِن كَانَ مِنَ الْمُكَذِّبِينَ الضَّالِّينَ (92) Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо
 | 
| فَنُزُلٌ مِّنْ حَمِيمٍ (93) Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип
 | 
| وَتَصْلِيَةُ جَحِيمٍ (94) Тозокко ташталат
 | 
| إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ الْيَقِينِ (95) Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат
 | 
| فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ (96) Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)
 |