| لَا أُقْسِمُ بِيَوْمِ الْقِيَامَةِ (1) Мен Кыямат күнүнө ант ичип
 | 
| وَلَا أُقْسِمُ بِالنَّفْسِ اللَّوَّامَةِ (2) Жоемелөөчү напси? менен ант ичип, (айтамын)
 | 
| أَيَحْسَبُ الْإِنسَانُ أَلَّن نَّجْمَعَ عِظَامَهُ (3) “Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”
 | 
| بَلَىٰ قَادِرِينَ عَلَىٰ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُ (4) Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз
 | 
| بَلْ يُرِيدُ الْإِنسَانُ لِيَفْجُرَ أَمَامَهُ (5) Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр
 | 
| يَسْأَلُ أَيَّانَ يَوْمُ الْقِيَامَةِ (6) (Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар
 | 
| فَإِذَا بَرِقَ الْبَصَرُ (7) Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат
 | 
| وَخَسَفَ الْقَمَرُ (8) Айдын нуру өчөт
 | 
| وَجُمِعَ الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ (9) жана Күн менен Ай бириктирилет
 | 
| يَقُولُ الْإِنسَانُ يَوْمَئِذٍ أَيْنَ الْمَفَرُّ (10) Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат
 | 
| كَلَّا لَا وَزَرَ (11) Жок! Качып бара турган орун жок
 | 
| إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ الْمُسْتَقَرُّ (12) Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар
 | 
| يُنَبَّأُ الْإِنسَانُ يَوْمَئِذٍ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ (13) Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы —жаман) иштери жөнүндө кабар берилет
 | 
| بَلِ الْإِنسَانُ عَلَىٰ نَفْسِهِ بَصِيرَةٌ (14) Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт
 | 
| وَلَوْ أَلْقَىٰ مَعَاذِيرَهُ (15) Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт)
 | 
| لَا تُحَرِّكْ بِهِ لِسَانَكَ لِتَعْجَلَ بِهِ (16) (О, Мухаммад, сага Жебрейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе
 | 
| إِنَّ عَلَيْنَا جَمْعَهُ وَقُرْآنَهُ (17) Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет
 | 
| فَإِذَا قَرَأْنَاهُ فَاتَّبِعْ قُرْآنَهُ (18) Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебрейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин
 | 
| ثُمَّ إِنَّ عَلَيْنَا بَيَانَهُ (19) Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет
 | 
| كَلَّا بَلْ تُحِبُّونَ الْعَاجِلَةَ (20) Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр
 | 
| وَتَذَرُونَ الْآخِرَةَ (21) жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар
 | 
| وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ نَّاضِرَةٌ (22) Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып
 | 
| إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٌ (23) Раббисине (үмүт менен) карап турат
 | 
| وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ بَاسِرَةٌ (24) Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып
 | 
| تَظُنُّ أَن يُفْعَلَ بِهَا فَاقِرَةٌ (25) өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат
 | 
| كَلَّا إِذَا بَلَغَتِ التَّرَاقِيَ (26) Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда
 | 
| وَقِيلَ مَنْ ۜ رَاقٍ (27) «Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда
 | 
| وَظَنَّ أَنَّهُ الْفِرَاقُ (28) (Күнөөкөр пенде «дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда
 | 
| وَالْتَفَّتِ السَّاقُ بِالسَّاقِ (29) Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда
 | 
| إِلَىٰ رَبِّكَ يَوْمَئِذٍ الْمَسَاقُ (30) Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор
 | 
| فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ (31) Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады
 | 
| وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ (32) Бирок, «жалган» деп далысын салып койду
 | 
| ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰ أَهْلِهِ يَتَمَطَّىٰ (33) Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти
 | 
| أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰ (34) Өлүм болсун сага өлүм
 | 
| ثُمَّ أَوْلَىٰ لَكَ فَأَوْلَىٰ (35) Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм
 | 
| أَيَحْسَبُ الْإِنسَانُ أَن يُتْرَكَ سُدًى (36) (Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу
 | 
| أَلَمْ يَكُ نُطْفَةً مِّن مَّنِيٍّ يُمْنَىٰ (37) Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле
 | 
| ثُمَّ كَانَ عَلَقَةً فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ (38) Анан коюу кан болду. Анан (Аллаһ) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)
 | 
| فَجَعَلَ مِنْهُ الزَّوْجَيْنِ الذَّكَرَ وَالْأُنثَىٰ (39) Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты
 | 
| أَلَيْسَ ذَٰلِكَ بِقَادِرٍ عَلَىٰ أَن يُحْيِيَ الْمَوْتَىٰ (40) Эми, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи
 |