عَبَسَ وَتَوَلَّىٰ (1) (Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды |
أَن جَاءَهُ الْأَعْمَىٰ (2) алдына (маселе сурап ) сокур киши келгенде |
وَمَا يُدْرِيكَ لَعَلَّهُ يَزَّكَّىٰ (3) (О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр |
أَوْ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ الذِّكْرَىٰ (4) Же болбосо, (Аллаһ Тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр |
أَمَّا مَنِ اسْتَغْنَىٰ (5) Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде) |
فَأَنتَ لَهُ تَصَدَّىٰ (6) сен ошо(лор)го бурулуп алдың |
وَمَا عَلَيْكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ (7) (Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң |
وَأَمَّا مَن جَاءَكَ يَسْعَىٰ (8) Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам |
وَهُوَ يَخْشَىٰ (9) (Аллаһтан жана Кыямат күндөн) коркот эле |
فَأَنتَ عَنْهُ تَلَهَّىٰ (10) Сен ага көңүл бурбай, (башкалар менен алагды болуп) калдың |
كَلَّا إِنَّهَا تَذْكِرَةٌ (11) Жок! (О, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллаһ тарабынан) эскерме-сабак |
فَمَن شَاءَ ذَكَرَهُ (12) Ким кааласа — аны эскерет |
فِي صُحُفٍ مُّكَرَّمَةٍ (13) (Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да |
مَّرْفُوعَةٍ مُّطَهَّرَةٍ (14) (Лавхул Махфуз) Таза—-Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору |
بِأَيْدِي سَفَرَةٍ (15) (Жана) периштелердин колунда |
كِرَامٍ بَرَرَةٍ (16) (Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү) |
قُتِلَ الْإِنسَانُ مَا أَكْفَرَهُ (17) Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты |
مِنْ أَيِّ شَيْءٍ خَلَقَهُ (18) Ал (Аллаһ) аны эмнеден жаратты эле |
مِن نُّطْفَةٍ خَلَقَهُ فَقَدَّرَهُ (19) Бир тамчы суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган |
ثُمَّ السَّبِيلَ يَسَّرَهُ (20) Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду? оңой кылып берди |
ثُمَّ أَمَاتَهُ فَأَقْبَرَهُ (21) Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду |
ثُمَّ إِذَا شَاءَ أَنشَرَهُ (22) Андан соң Өзү каалаган кезде (Кыяматта) кайрадан тирилтип алат |
كَلَّا لَمَّا يَقْضِ مَا أَمَرَهُ (23) Жок! Ал өзүнө (Аллаһ) буюрган парыздарды эч аткарбады |
فَلْيَنظُرِ الْإِنسَانُ إِلَىٰ طَعَامِهِ (24) Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы |
أَنَّا صَبَبْنَا الْمَاءَ صَبًّا (25) Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык |
ثُمَّ شَقَقْنَا الْأَرْضَ شَقًّا (26) Андан соң жерди жарып |
فَأَنبَتْنَا فِيهَا حَبًّا (27) (Ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк |
وَعِنَبًا وَقَضْبًا (28) Жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү |
وَزَيْتُونًا وَنَخْلًا (29) Зайтундарды, курмаларды |
وَحَدَائِقَ غُلْبًا (30) Коюу бактарды |
وَفَاكِهَةً وَأَبًّا (31) Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды |
مَّتَاعًا لَّكُمْ وَلِأَنْعَامِكُمْ (32) Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп |
فَإِذَا جَاءَتِ الصَّاخَّةُ (33) Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (Кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде |
يَوْمَ يَفِرُّ الْمَرْءُ مِنْ أَخِيهِ (34) Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат |
وَأُمِّهِ وَأَبِيهِ (35) Апасы менен атасынан дагы |
وَصَاحِبَتِهِ وَبَنِيهِ (36) Аялы менен балдарынан дагы |
لِكُلِّ امْرِئٍ مِّنْهُمْ يَوْمَئِذٍ شَأْنٌ يُغْنِيهِ (37) (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот |
وُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ مُّسْفِرَةٌ (38) Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып |
ضَاحِكَةٌ مُّسْتَبْشِرَةٌ (39) күлүп-жайнап, кубанычтуу |
وَوُجُوهٌ يَوْمَئِذٍ عَلَيْهَا غَبَرَةٌ (40) (ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап |
تَرْهَقُهَا قَتَرَةٌ (41) караңгылык ороп алат |
أُولَٰئِكَ هُمُ الْكَفَرَةُ الْفَجَرَةُ (42) Дал ошолор каапыр, шүкүрсүз адамдар |