| إِذَا السَّمَاءُ انفَطَرَتْ (1) Асман жарылып
 | 
| وَإِذَا الْكَوَاكِبُ انتَثَرَتْ (2) Жылдыздар төгүлүп
 | 
| وَإِذَا الْبِحَارُ فُجِّرَتْ (3) деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда
 | 
| وَإِذَا الْقُبُورُ بُعْثِرَتْ (4) Жана мүрзөлөр оодарылганда
 | 
| عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ (5) (Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат
 | 
| يَا أَيُّهَا الْإِنسَانُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ الْكَرِيمِ (6) О, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду
 | 
| الَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّاكَ فَعَدَلَكَ (7) Алсени жаратып, келбетиңди келиштирген эле
 | 
| فِي أَيِّ صُورَةٍ مَّا شَاءَ رَكَّبَكَ (8) Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган
 | 
| كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِالدِّينِ (9) Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер
 | 
| وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَافِظِينَ (10) Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар
 | 
| كِرَامًا كَاتِبِينَ (11) (Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар
 | 
| يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ (12) Силердин бардык ишиңерди билип турушат
 | 
| إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ (13) Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде
 | 
| وَإِنَّ الْفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٍ (14) Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат
 | 
| يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ الدِّينِ (15) Алар ага (Тозокко) сурак күнү ташталат
 | 
| وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَائِبِينَ (16) Анан андан чыга алышпайт
 | 
| وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ (17) (О, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң
 | 
| ثُمَّ مَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ (18) Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?”
 | 
| يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌ لِّنَفْسٍ شَيْئًا ۖ وَالْأَمْرُ يَوْمَئِذٍ لِّلَّهِ (19) Ал күнү (Аллаһтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллаһтын ыктыярында
 |