| وَيْلٌ لِّلْمُطَفِّفِينَ (1) Таразадан алдагандарга чоң азап болсун
 | 
| الَّذِينَ إِذَا اكْتَالُوا عَلَى النَّاسِ يَسْتَوْفُونَ (2) Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы
 | 
| وَإِذَا كَالُوهُمْ أَو وَّزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ (3) Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет
 | 
| أَلَا يَظُنُّ أُولَٰئِكَ أَنَّهُم مَّبْعُوثُونَ (4) Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен
 | 
| لِيَوْمٍ عَظِيمٍ (5) Улуу Күн — Кыяматта
 | 
| يَوْمَ يَقُومُ النَّاسُ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ (6) Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат
 | 
| كَلَّا إِنَّ كِتَابَ الْفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٍ (7) Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык
 | 
| وَمَا أَدْرَاكَ مَا سِجِّينٌ (8) (О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң
 | 
| كِتَابٌ مَّرْقُومٌ (9) Ал— жазылган китеп
 | 
| وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ (10) Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет
 | 
| الَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوْمِ الدِّينِ (11) Алар сурак күндү жалган дегендер
 | 
| وَمَا يُكَذِّبُ بِهِ إِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ (12) Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет
 | 
| إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ (13) А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет
 | 
| كَلَّا ۖ بَلْ ۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُوا يَكْسِبُونَ (14) Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган
 | 
| كَلَّا إِنَّهُمْ عَن رَّبِّهِمْ يَوْمَئِذٍ لَّمَحْجُوبُونَ (15) Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат
 | 
| ثُمَّ إِنَّهُمْ لَصَالُو الْجَحِيمِ (16) Андан соң, алар тозокко ташталышат
 | 
| ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا الَّذِي كُنتُم بِهِ تُكَذِّبُونَ (17) Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат
 | 
| كَلَّا إِنَّ كِتَابَ الْأَبْرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ (18) Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда»
 | 
| وَمَا أَدْرَاكَ مَا عِلِّيُّونَ (19) (О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң
 | 
| كِتَابٌ مَّرْقُومٌ (20) (Ал) - жазылган китеп
 | 
| يَشْهَدُهُ الْمُقَرَّبُونَ (21) Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат
 | 
| إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ (22) Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде
 | 
| عَلَى الْأَرَائِكِ يَنظُرُونَ (23) Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат
 | 
| تَعْرِفُ فِي وُجُوهِهِمْ نَضْرَةَ النَّعِيمِ (24) Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң
 | 
| يُسْقَوْنَ مِن رَّحِيقٍ مَّخْتُومٍ (25) Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет
 | 
| خِتَامُهُ مِسْكٌ ۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ الْمُتَنَافِسُونَ (26) Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын
 | 
| وَمِزَاجُهُ مِن تَسْنِيمٍ (27) Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден»
 | 
| عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا الْمُقَرَّبُونَ (28) (Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак
 | 
| إِنَّ الَّذِينَ أَجْرَمُوا كَانُوا مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا يَضْحَكُونَ (29) Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн
 | 
| وَإِذَا مَرُّوا بِهِمْ يَتَغَامَزُونَ (30) (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан
 | 
| وَإِذَا انقَلَبُوا إِلَىٰ أَهْلِهِمُ انقَلَبُوا فَكِهِينَ (31) Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан
 | 
| وَإِذَا رَأَوْهُمْ قَالُوا إِنَّ هَٰؤُلَاءِ لَضَالُّونَ (32) Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан
 | 
| وَمَا أُرْسِلُوا عَلَيْهِمْ حَافِظِينَ (33) Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго
 | 
| فَالْيَوْمَ الَّذِينَ آمَنُوا مِنَ الْكُفَّارِ يَضْحَكُونَ (34) Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт
 | 
| عَلَى الْأَرَائِكِ يَنظُرُونَ (35) (жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат
 | 
| هَلْ ثُوِّبَ الْكُفَّارُ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ (36) Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле
 |