| إِذَا السَّمَاءُ انشَقَّتْ (1) Күтүүсүздөн асман жарылды
 | 
| وَأَذِنَتْ لِرَبِّهَا وَحُقَّتْ (2) Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу
 | 
| وَإِذَا الْأَرْضُ مُدَّتْ (3) Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп
 | 
| وَأَلْقَتْ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتْ (4) ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды
 | 
| وَأَذِنَتْ لِرَبِّهَا وَحُقَّتْ (5) Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу
 | 
| يَا أَيُّهَا الْإِنسَانُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدْحًا فَمُلَاقِيهِ (6) О,инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң
 | 
| فَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ (7) Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе
 | 
| فَسَوْفَ يُحَاسَبُ حِسَابًا يَسِيرًا (8) Өтө жеңил суралат
 | 
| وَيَنقَلِبُ إِلَىٰ أَهْلِهِ مَسْرُورًا (9) Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет
 | 
| وَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ وَرَاءَ ظَهْرِهِ (10) Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе
 | 
| فَسَوْفَ يَدْعُو ثُبُورًا (11) (Өзүнө) өлүм чакырат
 | 
| وَيَصْلَىٰ سَعِيرًا (12) Жана тозокко ташталат
 | 
| إِنَّهُ كَانَ فِي أَهْلِهِ مَسْرُورًا (13) Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу
 | 
| إِنَّهُ ظَنَّ أَن لَّن يَحُورَ (14) Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү
 | 
| بَلَىٰ إِنَّ رَبَّهُ كَانَ بِهِ بَصِيرًا (15) Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган
 | 
| فَلَا أُقْسِمُ بِالشَّفَقِ (16) Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип
 | 
| وَاللَّيْلِ وَمَا وَسَقَ (17) Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип
 | 
| وَالْقَمَرِ إِذَا اتَّسَقَ (18) Жана толгон кездеги (толун) айга ант ичип (айтамын)
 | 
| لَتَرْكَبُنَّ طَبَقًا عَن طَبَقٍ (19) (О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер
 | 
| فَمَا لَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ (20) Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат
 | 
| وَإِذَا قُرِئَ عَلَيْهِمُ الْقُرْآنُ لَا يَسْجُدُونَ ۩ (21) Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт
 | 
| بَلِ الَّذِينَ كَفَرُوا يُكَذِّبُونَ (22) Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет
 | 
| وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُوعُونَ (23) Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллаһ эң жакшы билет
 | 
| فَبَشِّرْهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ (24) (О, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер
 | 
| إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ (25) А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар
 |