The Quran in Kirghiz - Surah Al Balad translated into Kirghiz, Surah Al-Balad in Kirghiz. We provide accurate translation of Surah Al Balad in Kirghiz - القرغيزية, Verses 20 - Surah Number 90 - Page 594.

| لَا أُقْسِمُ بِهَٰذَا الْبَلَدِ (1) Ушул шаарга” ант |
| وَأَنتَ حِلٌّ بِهَٰذَا الْبَلَدِ (2) Сен (о, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың |
| وَوَالِدٍ وَمَا وَلَدَ (3) (Адам)-Атага жана урпактарга ант |
| لَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنسَانَ فِي كَبَدٍ (4) Биз инсанды машакатка жараттык |
| أَيَحْسَبُ أَن لَّن يَقْدِرَ عَلَيْهِ أَحَدٌ (5) (Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу |
| يَقُولُ أَهْلَكْتُ مَالًا لُّبَدًا (6) Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт |
| أَيَحْسَبُ أَن لَّمْ يَرَهُ أَحَدٌ (7) Алөзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу |
| أَلَمْ نَجْعَل لَّهُ عَيْنَيْنِ (8) Биз ага эки көз бербедикпи |
| وَلِسَانًا وَشَفَتَيْنِ (9) Тил жана эки эрин бербедикпи |
| وَهَدَيْنَاهُ النَّجْدَيْنِ (10) Жана Биз аны эки жолго багыттадык |
| فَلَا اقْتَحَمَ الْعَقَبَةَ (11) Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү |
| وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْعَقَبَةُ (12) (О, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң |
| فَكُّ رَقَبَةٍ (13) (Оор жол — бул) кул азат кылуу |
| أَوْ إِطْعَامٌ فِي يَوْمٍ ذِي مَسْغَبَةٍ (14) же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү — |
| يَتِيمًا ذَا مَقْرَبَةٍ (15) тууганчылыгы бар жетимге |
| أَوْ مِسْكِينًا ذَا مَتْرَبَةٍ (16) Же чаңга буланган кедейге |
| ثُمَّ كَانَ مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا وَتَوَاصَوْا بِالصَّبْرِ وَتَوَاصَوْا بِالْمَرْحَمَةِ (17) Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо |
| أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ الْمَيْمَنَةِ (18) Дал ошолор оң тарап ээлери |
| وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِنَا هُمْ أَصْحَابُ الْمَشْأَمَةِ (19) Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери |
| عَلَيْهِمْ نَارٌ مُّؤْصَدَةٌ (20) Аларды ар жактан от каптап алган |