The Quran in Kirghiz - Surah Zalzalah translated into Kirghiz, Surah Az-Zalzalah in Kirghiz. We provide accurate translation of Surah Zalzalah in Kirghiz - القرغيزية, Verses 8 - Surah Number 99 - Page 599.

| إِذَا زُلْزِلَتِ الْأَرْضُ زِلْزَالَهَا (1) Жер катуу титирегенде |
| وَأَخْرَجَتِ الْأَرْضُ أَثْقَالَهَا (2) жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда |
| وَقَالَ الْإِنسَانُ مَا لَهَا (3) Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт |
| يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا (4) Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт |
| بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَىٰ لَهَا (5) Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.” |
| يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ النَّاسُ أَشْتَاتًا لِّيُرَوْا أَعْمَالَهُمْ (6) Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет |
| فَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ (7) Жана ким кыпын салмагындай* жакшылык кылган болсо — аны көрөт |
| وَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ (8) жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо — ошону көрөт |