القرآن باللغة القرغيزية - سورة الزلزلة مترجمة إلى اللغة القرغيزية، Surah Zalzalah in Kirghiz. نوفر ترجمة دقيقة سورة الزلزلة باللغة القرغيزية - Kirghiz, الآيات 8 - رقم السورة 99 - الصفحة 599.
إِذَا زُلْزِلَتِ الْأَرْضُ زِلْزَالَهَا (1) Жер катуу титирегенде |
وَأَخْرَجَتِ الْأَرْضُ أَثْقَالَهَا (2) жана өзүнүн “жүктөрүн” чыгарып таштаганда |
وَقَالَ الْإِنسَانُ مَا لَهَا (3) Инсан (коркуп жана таң калып) “буга эмне болду?!” дейт |
يَوْمَئِذٍ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا (4) Ошол Күндө жер өз кабарларын сүйлөйт |
بِأَنَّ رَبَّكَ أَوْحَىٰ لَهَا (5) Анткени, ага Раббиң (“сүйлө!” деп) вахий кылган.” |
يَوْمَئِذٍ يَصْدُرُ النَّاسُ أَشْتَاتًا لِّيُرَوْا أَعْمَالَهُمْ (6) Ал Күнү адамдар амалдары көргөзүлүшү үчүн топ-топ болуп келишет |
فَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ خَيْرًا يَرَهُ (7) Жана ким кыпын салмагындай* жакшылык кылган болсо — аны көрөт |
وَمَن يَعْمَلْ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ شَرًّا يَرَهُ (8) жана ким кыпын салмагындай жамандык жасаган болсо — ошону көрөт |