الْحَاقَّةُ (1) Ал-— Хаакка |
مَا الْحَاقَّةُ (2) «Ал=— Хаакка» дегени эмне |
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحَاقَّةُ (3) (О, Мухаммад!) «Ал — Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?” |
كَذَّبَتْ ثَمُودُ وَعَادٌ بِالْقَارِعَةِ (4) «Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле |
فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهْلِكُوا بِالطَّاغِيَةِ (5) Анан... Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды |
وَأَمَّا عَادٌ فَأُهْلِكُوا بِرِيحٍ صَرْصَرٍ عَاتِيَةٍ (6) Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү |
سَخَّرَهَا عَلَيْهِمْ سَبْعَ لَيَالٍ وَثَمَانِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومًا فَتَرَى الْقَوْمَ فِيهَا صَرْعَىٰ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ خَاوِيَةٍ (7) (Аллаһ) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң |
فَهَلْ تَرَىٰ لَهُم مِّن بَاقِيَةٍ (8) Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң |
وَجَاءَ فِرْعَوْنُ وَمَن قَبْلَهُ وَالْمُؤْتَفِكَاتُ بِالْخَاطِئَةِ (9) Анан Фираун, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери — Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып |
فَعَصَوْا رَسُولَ رَبِّهِمْ فَأَخَذَهُمْ أَخْذَةً رَّابِيَةً (10) Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты |
إِنَّا لَمَّا طَغَى الْمَاءُ حَمَلْنَاكُمْ فِي الْجَارِيَةِ (11) (Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек |
لِنَجْعَلَهَا لَكُمْ تَذْكِرَةً وَتَعِيَهَا أُذُنٌ وَاعِيَةٌ (12) Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн |
فَإِذَا نُفِخَ فِي الصُّورِ نَفْخَةٌ وَاحِدَةٌ (13) Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда |
وَحُمِلَتِ الْأَرْضُ وَالْجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةً وَاحِدَةً (14) жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда) |
فَيَوْمَئِذٍ وَقَعَتِ الْوَاقِعَةُ (15) Дал ошол күндө Ваакеьа (Кыямат) болот |
وَانشَقَّتِ السَّمَاءُ فَهِيَ يَوْمَئِذٍ وَاهِيَةٌ (16) Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда |
وَالْمَلَكُ عَلَىٰ أَرْجَائِهَا ۚ وَيَحْمِلُ عَرْشَ رَبِّكَ فَوْقَهُمْ يَوْمَئِذٍ ثَمَانِيَةٌ (17) жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллаһтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч-кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө |
يَوْمَئِذٍ تُعْرَضُونَ لَا تَخْفَىٰ مِنكُمْ خَافِيَةٌ (18) дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.” |
فَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ فَيَقُولُ هَاؤُمُ اقْرَءُوا كِتَابِيَهْ (19) Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй! Мына, менин китебимди окуп көргүлө |
إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَاقٍ حِسَابِيَهْ (20) Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!» |
فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ (21) Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо — |
فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٍ (22) — эң жогорку Бейиште болот |
قُطُوفُهَا دَانِيَةٌ (23) Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут |
كُلُوا وَاشْرَبُوا هَنِيئًا بِمَا أَسْلَفْتُمْ فِي الْأَيَّامِ الْخَالِيَةِ (24) (Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле — аш болсун!» |
وَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِشِمَالِهِ فَيَقُولُ يَا لَيْتَنِي لَمْ أُوتَ كِتَابِيَهْ (25) Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) |
وَلَمْ أَدْرِ مَا حِسَابِيَهْ (26) жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен |
يَا لَيْتَهَا كَانَتِ الْقَاضِيَةَ (27) Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо) |
مَا أَغْنَىٰ عَنِّي مَالِيَهْ ۜ (28) Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды |
هَلَكَ عَنِّي سُلْطَانِيَهْ (29) Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!» |
خُذُوهُ فَغُلُّوهُ (30) (О, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле |
ثُمَّ الْجَحِيمَ صَلُّوهُ (31) Кийин тозокко таштагыла |
ثُمَّ فِي سِلْسِلَةٍ ذَرْعُهَا سَبْعُونَ ذِرَاعًا فَاسْلُكُوهُ (32) Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!» |
إِنَّهُ كَانَ لَا يُؤْمِنُ بِاللَّهِ الْعَظِيمِ (33) (Себеби), Ал Улук Аллаһка ыйман келтирбеди |
وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ الْمِسْكِينِ (34) жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады |
فَلَيْسَ لَهُ الْيَوْمَ هَاهُنَا حَمِيمٌ (35) Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт |
وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنْ غِسْلِينٍ (36) Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)? болот |
لَّا يَأْكُلُهُ إِلَّا الْخَاطِئُونَ (37) Аны күнөөлүү адамдар гана жейт |
فَلَا أُقْسِمُ بِمَا تُبْصِرُونَ (38) Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип |
وَمَا لَا تُبْصِرُونَ (39) Жана көрө албаган (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын) |
إِنَّهُ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ (40) «Ал (Кураан) Улук пайгамбардын (Аллаһ үйрөткөн) Сөзү |
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَاعِرٍ ۚ قَلِيلًا مَّا تُؤْمِنُونَ (41) Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар |
وَلَا بِقَوْلِ كَاهِنٍ ۚ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ (42) Ал көзү ачыктын да сөзү эмес!! (Аллаһты) өтө аз эскерип жатасыңар |
تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ الْعَالَمِينَ (43) Ал ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн |
وَلَوْ تَقَوَّلَ عَلَيْنَا بَعْضَ الْأَقَاوِيلِ (44) Эгер ал (Мухаммад) (Кураандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул — Аллаһтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо |
لَأَخَذْنَا مِنْهُ بِالْيَمِينِ (45) Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз |
ثُمَّ لَقَطَعْنَا مِنْهُ الْوَتِينَ (46) Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз |
فَمَا مِنكُم مِّنْ أَحَدٍ عَنْهُ حَاجِزِينَ (47) Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес |
وَإِنَّهُ لَتَذْكِرَةٌ لِّلْمُتَّقِينَ (48) Ал (Кураан) такыбаа кишилер үчүн эскерме-сабак |
وَإِنَّا لَنَعْلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ (49) Силердин араңарда (Кураанды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз |
وَإِنَّهُ لَحَسْرَةٌ عَلَى الْكَافِرِينَ (50) Ал каапырларга кайгы!” |
وَإِنَّهُ لَحَقُّ الْيَقِينِ (51) Чындыгында, бул анык чындык |
فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ (52) Ошентип, Эң Улуу Раббиңдин ысымын даңазалагыла |