| سَأَلَ سَائِلٌ بِعَذَابٍ وَاقِعٍ (1) (Мушриктерден) бир суроочу? собол кылды түшүүчү азап жөнүндө —
 | 
| لِّلْكَافِرِينَ لَيْسَ لَهُ دَافِعٌ (2) — каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат
 | 
| مِّنَ اللَّهِ ذِي الْمَعَارِجِ (3) (Ал азап) Маьариж — тепкичтердин? ээси Аллаһ тарабынан (келет)
 | 
| تَعْرُجُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ إِلَيْهِ فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ (4) Периштелер менен Рух Ага (Аллаһ Таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат
 | 
| فَاصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلًا (5) (О, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл
 | 
| إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا (6) Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот
 | 
| وَنَرَاهُ قَرِيبًا (7) Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз
 | 
| يَوْمَ تَكُونُ السَّمَاءُ كَالْمُهْلِ (8) Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу
 | 
| وَتَكُونُ الْجِبَالُ كَالْعِهْنِ (9) Алэми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат
 | 
| وَلَا يَسْأَلُ حَمِيمٌ حَمِيمًا (10) (Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт
 | 
| يُبَصَّرُونَهُمْ ۚ يَوَدُّ الْمُجْرِمُ لَوْ يَفْتَدِي مِنْ عَذَابِ يَوْمِئِذٍ بِبَنِيهِ (11) Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин
 | 
| وَصَاحِبَتِهِ وَأَخِيهِ (12) аялын жана ага-инилерин
 | 
| وَفَصِيلَتِهِ الَّتِي تُؤْوِيهِ (13) өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын
 | 
| وَمَن فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا ثُمَّ يُنجِيهِ (14) жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт
 | 
| كَلَّا ۖ إِنَّهَا لَظَىٰ (15) Жок! Ал (тозок) — алоолонгон от
 | 
| نَزَّاعَةً لِّلشَّوَىٰ (16) терилерди шылып алуучу
 | 
| تَدْعُو مَنْ أَدْبَرَ وَتَوَلَّىٰ (17) Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди
 | 
| وَجَمَعَ فَأَوْعَىٰ (18) жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды
 | 
| ۞ إِنَّ الْإِنسَانَ خُلِقَ هَلُوعًا (19) Чынында инсан чыдамсыз жаратылган
 | 
| إِذَا مَسَّهُ الشَّرُّ جَزُوعًا (20) Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат
 | 
| وَإِذَا مَسَّهُ الْخَيْرُ مَنُوعًا (21) Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат
 | 
| إِلَّا الْمُصَلِّينَ (22) Намаз окуучулар гана андай эмес
 | 
| الَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ دَائِمُونَ (23) Алар намаздарын дайым окушат
 | 
| وَالَّذِينَ فِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ مَّعْلُومٌ (24) Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар
 | 
| لِّلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ (25) муктаждар жана сурагандар үчүн
 | 
| وَالَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوْمِ الدِّينِ (26) Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат
 | 
| وَالَّذِينَ هُم مِّنْ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشْفِقُونَ (27) Алар Раббисинин азабынан коркушат
 | 
| إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمْ غَيْرُ مَأْمُونٍ (28) Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес
 | 
| وَالَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَافِظُونَ (29) Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат
 | 
| إِلَّا عَلَىٰ أَزْوَاجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ (30) Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт
 | 
| فَمَنِ ابْتَغَىٰ وَرَاءَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْعَادُونَ (31) Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар
 | 
| وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ (32) Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат
 | 
| وَالَّذِينَ هُم بِشَهَادَاتِهِمْ قَائِمُونَ (33) Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат
 | 
| وَالَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ (34) Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат
 | 
| أُولَٰئِكَ فِي جَنَّاتٍ مُّكْرَمُونَ (35) Алар — Бейиштерде сыйлануучулар
 | 
| فَمَالِ الَّذِينَ كَفَرُوا قِبَلَكَ مُهْطِعِينَ (36) (О, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат
 | 
| عَنِ الْيَمِينِ وَعَنِ الشِّمَالِ عِزِينَ (37) Оң каптал жана сол капталдан топурап
 | 
| أَيَطْمَعُ كُلُّ امْرِئٍ مِّنْهُمْ أَن يُدْخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٍ (38) Алардын ар бири Нээмат Бейишине кирүүнү каалайбы
 | 
| كَلَّا ۖ إِنَّا خَلَقْنَاهُم مِّمَّا يَعْلَمُونَ (39) Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган суудан) жараттык
 | 
| فَلَا أُقْسِمُ بِرَبِّ الْمَشَارِقِ وَالْمَغَارِبِ إِنَّا لَقَادِرُونَ (40) Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз
 | 
| عَلَىٰ أَن نُّبَدِّلَ خَيْرًا مِّنْهُمْ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ (41) аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз
 | 
| فَذَرْهُمْ يَخُوضُوا وَيَلْعَبُوا حَتَّىٰ يُلَاقُوا يَوْمَهُمُ الَّذِي يُوعَدُونَ (42) (О, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин
 | 
| يَوْمَ يَخْرُجُونَ مِنَ الْأَجْدَاثِ سِرَاعًا كَأَنَّهُمْ إِلَىٰ نُصُبٍ يُوفِضُونَ (43) (Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет
 | 
| خَاشِعَةً أَبْصَارُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ۚ ذَٰلِكَ الْيَوْمُ الَّذِي كَانُوا يُوعَدُونَ (44) Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул — аларга убада кылынган Күн
 |