سَأَلَ سَائِلٌ بِعَذَابٍ وَاقِعٍ (1) (Мушриктерден) бир суроочу? собол кылды түшүүчү азап жөнүндө — | 
لِّلْكَافِرِينَ لَيْسَ لَهُ دَافِعٌ (2) — каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат | 
مِّنَ اللَّهِ ذِي الْمَعَارِجِ (3) (Ал азап) Маьариж — тепкичтердин? ээси Аллаһ тарабынан (келет) | 
تَعْرُجُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ إِلَيْهِ فِي يَوْمٍ كَانَ مِقْدَارُهُ خَمْسِينَ أَلْفَ سَنَةٍ (4) Периштелер менен Рух Ага (Аллаһ Таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат | 
فَاصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلًا (5) (О, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл | 
إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا (6) Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот | 
وَنَرَاهُ قَرِيبًا (7) Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз | 
يَوْمَ تَكُونُ السَّمَاءُ كَالْمُهْلِ (8) Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу | 
وَتَكُونُ الْجِبَالُ كَالْعِهْنِ (9) Алэми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат | 
وَلَا يَسْأَلُ حَمِيمٌ حَمِيمًا (10) (Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт | 
يُبَصَّرُونَهُمْ ۚ يَوَدُّ الْمُجْرِمُ لَوْ يَفْتَدِي مِنْ عَذَابِ يَوْمِئِذٍ بِبَنِيهِ (11) Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин | 
وَصَاحِبَتِهِ وَأَخِيهِ (12) аялын жана ага-инилерин | 
وَفَصِيلَتِهِ الَّتِي تُؤْوِيهِ (13) өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын | 
وَمَن فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا ثُمَّ يُنجِيهِ (14) жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт | 
كَلَّا ۖ إِنَّهَا لَظَىٰ (15) Жок! Ал (тозок) — алоолонгон от | 
نَزَّاعَةً لِّلشَّوَىٰ (16) терилерди шылып алуучу | 
تَدْعُو مَنْ أَدْبَرَ وَتَوَلَّىٰ (17) Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди | 
وَجَمَعَ فَأَوْعَىٰ (18) жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды | 
۞ إِنَّ الْإِنسَانَ خُلِقَ هَلُوعًا (19) Чынында инсан чыдамсыз жаратылган | 
إِذَا مَسَّهُ الشَّرُّ جَزُوعًا (20) Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат | 
وَإِذَا مَسَّهُ الْخَيْرُ مَنُوعًا (21) Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат | 
إِلَّا الْمُصَلِّينَ (22) Намаз окуучулар гана андай эмес | 
الَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ دَائِمُونَ (23) Алар намаздарын дайым окушат | 
وَالَّذِينَ فِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ مَّعْلُومٌ (24) Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар | 
لِّلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ (25) муктаждар жана сурагандар үчүн | 
وَالَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوْمِ الدِّينِ (26) Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат | 
وَالَّذِينَ هُم مِّنْ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشْفِقُونَ (27) Алар Раббисинин азабынан коркушат | 
إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمْ غَيْرُ مَأْمُونٍ (28) Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес | 
وَالَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَافِظُونَ (29) Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат | 
إِلَّا عَلَىٰ أَزْوَاجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ (30) Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт | 
فَمَنِ ابْتَغَىٰ وَرَاءَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْعَادُونَ (31) Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар | 
وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ (32) Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат | 
وَالَّذِينَ هُم بِشَهَادَاتِهِمْ قَائِمُونَ (33) Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат | 
وَالَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ (34) Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат | 
أُولَٰئِكَ فِي جَنَّاتٍ مُّكْرَمُونَ (35) Алар — Бейиштерде сыйлануучулар | 
فَمَالِ الَّذِينَ كَفَرُوا قِبَلَكَ مُهْطِعِينَ (36) (О, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат | 
عَنِ الْيَمِينِ وَعَنِ الشِّمَالِ عِزِينَ (37) Оң каптал жана сол капталдан топурап | 
أَيَطْمَعُ كُلُّ امْرِئٍ مِّنْهُمْ أَن يُدْخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٍ (38) Алардын ар бири Нээмат Бейишине кирүүнү каалайбы | 
كَلَّا ۖ إِنَّا خَلَقْنَاهُم مِّمَّا يَعْلَمُونَ (39) Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган суудан) жараттык | 
فَلَا أُقْسِمُ بِرَبِّ الْمَشَارِقِ وَالْمَغَارِبِ إِنَّا لَقَادِرُونَ (40) Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз | 
عَلَىٰ أَن نُّبَدِّلَ خَيْرًا مِّنْهُمْ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ (41) аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз | 
فَذَرْهُمْ يَخُوضُوا وَيَلْعَبُوا حَتَّىٰ يُلَاقُوا يَوْمَهُمُ الَّذِي يُوعَدُونَ (42) (О, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин | 
يَوْمَ يَخْرُجُونَ مِنَ الْأَجْدَاثِ سِرَاعًا كَأَنَّهُمْ إِلَىٰ نُصُبٍ يُوفِضُونَ (43) (Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет | 
خَاشِعَةً أَبْصَارُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ۚ ذَٰلِكَ الْيَوْمُ الَّذِي كَانُوا يُوعَدُونَ (44) Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул — аларга убада кылынган Күн |