وَيْلٌ لِّلْمُطَفِّفِينَ (1) Таразадан алдагандарга чоң азап болсун |
الَّذِينَ إِذَا اكْتَالُوا عَلَى النَّاسِ يَسْتَوْفُونَ (2) Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы |
وَإِذَا كَالُوهُمْ أَو وَّزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ (3) Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет |
أَلَا يَظُنُّ أُولَٰئِكَ أَنَّهُم مَّبْعُوثُونَ (4) Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен |
لِيَوْمٍ عَظِيمٍ (5) Улуу Күн — Кыяматта |
يَوْمَ يَقُومُ النَّاسُ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ (6) Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат |
كَلَّا إِنَّ كِتَابَ الْفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٍ (7) Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык |
وَمَا أَدْرَاكَ مَا سِجِّينٌ (8) (О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң |
كِتَابٌ مَّرْقُومٌ (9) Ал— жазылган китеп |
وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِّلْمُكَذِّبِينَ (10) Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет |
الَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوْمِ الدِّينِ (11) Алар сурак күндү жалган дегендер |
وَمَا يُكَذِّبُ بِهِ إِلَّا كُلُّ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ (12) Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет |
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ (13) А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет |
كَلَّا ۖ بَلْ ۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُوا يَكْسِبُونَ (14) Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган |
كَلَّا إِنَّهُمْ عَن رَّبِّهِمْ يَوْمَئِذٍ لَّمَحْجُوبُونَ (15) Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат |
ثُمَّ إِنَّهُمْ لَصَالُو الْجَحِيمِ (16) Андан соң, алар тозокко ташталышат |
ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا الَّذِي كُنتُم بِهِ تُكَذِّبُونَ (17) Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат |
كَلَّا إِنَّ كِتَابَ الْأَبْرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ (18) Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда» |
وَمَا أَدْرَاكَ مَا عِلِّيُّونَ (19) (О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң |
كِتَابٌ مَّرْقُومٌ (20) (Ал) - жазылган китеп |
يَشْهَدُهُ الْمُقَرَّبُونَ (21) Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат |
إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ (22) Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде |
عَلَى الْأَرَائِكِ يَنظُرُونَ (23) Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат |
تَعْرِفُ فِي وُجُوهِهِمْ نَضْرَةَ النَّعِيمِ (24) Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң |
يُسْقَوْنَ مِن رَّحِيقٍ مَّخْتُومٍ (25) Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет |
خِتَامُهُ مِسْكٌ ۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلْيَتَنَافَسِ الْمُتَنَافِسُونَ (26) Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын |
وَمِزَاجُهُ مِن تَسْنِيمٍ (27) Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден» |
عَيْنًا يَشْرَبُ بِهَا الْمُقَرَّبُونَ (28) (Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак |
إِنَّ الَّذِينَ أَجْرَمُوا كَانُوا مِنَ الَّذِينَ آمَنُوا يَضْحَكُونَ (29) Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн |
وَإِذَا مَرُّوا بِهِمْ يَتَغَامَزُونَ (30) (Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан |
وَإِذَا انقَلَبُوا إِلَىٰ أَهْلِهِمُ انقَلَبُوا فَكِهِينَ (31) Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан |
وَإِذَا رَأَوْهُمْ قَالُوا إِنَّ هَٰؤُلَاءِ لَضَالُّونَ (32) Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан |
وَمَا أُرْسِلُوا عَلَيْهِمْ حَافِظِينَ (33) Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго |
فَالْيَوْمَ الَّذِينَ آمَنُوا مِنَ الْكُفَّارِ يَضْحَكُونَ (34) Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт |
عَلَى الْأَرَائِكِ يَنظُرُونَ (35) (жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат |
هَلْ ثُوِّبَ الْكُفَّارُ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ (36) Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле |