﴿وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَٱخۡتُلِفَ فِيهِۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ ﴾
[فُصِّلَت: 45]
Биз Мусага да Китеп (Тоорат) берген элек. Алар (Мусанын эли) анда бир пикирге келише албай (бир бөлүгү ыйман келтирип, бир бөлүгү каапыр болуп) калышты. Эгерде, Раббиң тарабынан алдын ала айтылган («Алар Кыяматта азап тартышат» деген) Сөз болбосо, алардын арасында (эчак эле) өкүм чыгарылмак. (Башкача айтканда, каапырлардын башына азап түшүп, кырылып калмак. Себеби,) алар (Тоораттан) катуу шектенүүдө болушкан
ترجمة: ولقد آتينا موسى الكتاب فاختلف فيه ولولا كلمة سبقت من ربك لقضي, باللغة القرغيزية
﴿ولقد آتينا موسى الكتاب فاختلف فيه ولولا كلمة سبقت من ربك لقضي﴾ [فُصِّلَت: 45]