القرآن باللغة القرغيزية - سورة العاديات مترجمة إلى اللغة القرغيزية، Surah Adiyat in Kirghiz. نوفر ترجمة دقيقة سورة العاديات باللغة القرغيزية - Kirghiz, الآيات 11 - رقم السورة 100 - الصفحة 599.
وَالْعَادِيَاتِ ضَبْحًا (1) Алкынып чуркаган тулпарларга ант |
فَالْمُورِيَاتِ قَدْحًا (2) (Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант |
فَالْمُغِيرَاتِ صُبْحًا (3) Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант |
فَأَثَرْنَ بِهِ نَقْعًا (4) Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты |
فَوَسَطْنَ بِهِ جَمْعًا (5) Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди |
إِنَّ الْإِنسَانَ لِرَبِّهِ لَكَنُودٌ (6) Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр |
وَإِنَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٌ (7) Буга анын өзү деле күбөдүр |
وَإِنَّهُ لِحُبِّ الْخَيْرِ لَشَدِيدٌ (8) Ал байлыкты катуу сүйөт |
۞ أَفَلَا يَعْلَمُ إِذَا بُعْثِرَ مَا فِي الْقُبُورِ (9) Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда |
وَحُصِّلَ مَا فِي الصُّدُورِ (10) Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда |
إِنَّ رَبَّهُم بِهِمْ يَوْمَئِذٍ لَّخَبِيرٌ (11) Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан |