إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ (1) Күн оролуп (нуру жоголуп) |
وَإِذَا النُّجُومُ انكَدَرَتْ (2) жылдыздар (кыйрап) төгүлүп |
وَإِذَا الْجِبَالُ سُيِّرَتْ (3) Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп |
وَإِذَا الْعِشَارُ عُطِّلَتْ (4) Курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,” |
وَإِذَا الْوُحُوشُ حُشِرَتْ (5) Жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп |
وَإِذَا الْبِحَارُ سُجِّرَتْ (6) Деңиздер жанып-от болуп |
وَإِذَا النُّفُوسُ زُوِّجَتْ (7) Жандар бири - бирине коштолуп...° |
وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ (8) Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда — |
بِأَيِّ ذَنبٍ قُتِلَتْ (9) Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп) |
وَإِذَا الصُّحُفُ نُشِرَتْ (10) Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып |
وَإِذَا السَّمَاءُ كُشِطَتْ (11) Асман сыйрылып алынганда |
وَإِذَا الْجَحِيمُ سُعِّرَتْ (12) Тозок (катуу) кызытылып |
وَإِذَا الْجَنَّةُ أُزْلِفَتْ (13) Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде |
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّا أَحْضَرَتْ (14) (Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет |
فَلَا أُقْسِمُ بِالْخُنَّسِ (15) Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип |
الْجَوَارِ الْكُنَّسِ (16) (аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип |
وَاللَّيْلِ إِذَا عَسْعَسَ (17) (караңгысы менен) келген түнгө ант ичип |
وَالصُّبْحِ إِذَا تَنَفَّسَ (18) агарган таңга ант ичип (айтамын) |
إِنَّهُ لَقَوْلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ (19) Чынында, ал (Кураан) Улуу Элчинин Сөзү |
ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي الْعَرْشِ مَكِينٍ (20) Арш Ээсинин? алдында (Жебрейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч — кубаттуу |
مُّطَاعٍ ثَمَّ أَمِينٍ (21) Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү |
وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجْنُونٍ (22) (Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес |
وَلَقَدْ رَآهُ بِالْأُفُقِ الْمُبِينِ (23) Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн |
وَمَا هُوَ عَلَى الْغَيْبِ بِضَنِينٍ (24) Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес |
وَمَا هُوَ بِقَوْلِ شَيْطَانٍ رَّجِيمٍ (25) Жана ал” каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес |
فَأَيْنَ تَذْهَبُونَ (26) Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар |
إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَالَمِينَ (27) Ал (Кураан) албетте, ааламдар үчүн эскертүү |
لِمَن شَاءَ مِنكُمْ أَن يَسْتَقِيمَ (28) Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү) |
وَمَا تَشَاءُونَ إِلَّا أَن يَشَاءَ اللَّهُ رَبُّ الْعَالَمِينَ (29) Жана силер (о, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар |