إِذَا جَاءَكَ الْمُنَافِقُونَ قَالُوا نَشْهَدُ إِنَّكَ لَرَسُولُ اللَّهِ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ إِنَّكَ لَرَسُولُهُ وَاللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَكَاذِبُونَ (1) (О, Мухаммад!) Эгер сага мунафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллаһтын элчисисиң» дешет. Аллаһ билет, сен Өзүнүн элчиси экениңди. Аллаһ мунафыктардын анык жалганчылыгына күбөлүк берет |
اتَّخَذُوا أَيْمَانَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا عَن سَبِيلِ اللَّهِ ۚ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ (2) Алар анттарын калканыч кылып (өздөрүнө кошуп башка адамдарды да) Аллаһтын Жолунан тосушкан. Алардын иштери кандай жаман |
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ آمَنُوا ثُمَّ كَفَرُوا فَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَفْقَهُونَ (3) Мунун себеби, алар (оозунда) ыймандуу, (жүрөгүндө) каапыр болгону. Натыйжада жүрөктөрүнө мөөр басылып, (жакшылык менен жамандыкты) ажырата албай турган болуп калышты |
۞ وَإِذَا رَأَيْتَهُمْ تُعْجِبُكَ أَجْسَامُهُمْ ۖ وَإِن يَقُولُوا تَسْمَعْ لِقَوْلِهِمْ ۖ كَأَنَّهُمْ خُشُبٌ مُّسَنَّدَةٌ ۖ يَحْسَبُونَ كُلَّ صَيْحَةٍ عَلَيْهِمْ ۚ هُمُ الْعَدُوُّ فَاحْذَرْهُمْ ۚ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ ۖ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ (4) Эгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар — душмандар, абайла алардан! Аллаһ кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат |
وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا يَسْتَغْفِرْ لَكُمْ رَسُولُ اللَّهِ لَوَّوْا رُءُوسَهُمْ وَرَأَيْتَهُمْ يَصُدُّونَ وَهُم مُّسْتَكْبِرُونَ (5) Аларга «(Тооба кылып) келгиле, Аллаһтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллаһдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң |
سَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَسْتَغْفَرْتَ لَهُمْ أَمْ لَمْ تَسْتَغْفِرْ لَهُمْ لَن يَغْفِرَ اللَّهُ لَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ (6) Сеналар үчүн (Аллаһтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да — айырмасы жок: Аллаһ эч качан кечирбейт! Аллаһ бузуку коомду Туура Жолго баштабайт |
هُمُ الَّذِينَ يَقُولُونَ لَا تُنفِقُوا عَلَىٰ مَنْ عِندَ رَسُولِ اللَّهِ حَتَّىٰ يَنفَضُّوا ۗ وَلِلَّهِ خَزَائِنُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَفْقَهُونَ (7) Алар (өз кишилерине) «Аллаһтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллаһтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт |
يَقُولُونَ لَئِن رَّجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ لَيُخْرِجَنَّ الْأَعَزُّ مِنْهَا الْأَذَلَّ ۚ وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ (8) Алар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен!. Улуулук Аллаһка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт |
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُلْهِكُمْ أَمْوَالُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ عَن ذِكْرِ اللَّهِ ۚ وَمَن يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ (9) О,ыйман келтиргендер! Мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерди Аллаһты эскерүүдөн (ибадаттардан) алаксытып койбосун! Ким ушундай кылса, алар — зыян тарткандар |
وَأَنفِقُوا مِن مَّا رَزَقْنَاكُم مِّن قَبْلِ أَن يَأْتِيَ أَحَدَكُمُ الْمَوْتُ فَيَقُولَ رَبِّ لَوْلَا أَخَّرْتَنِي إِلَىٰ أَجَلٍ قَرِيبٍ فَأَصَّدَّقَ وَأَكُن مِّنَ الصَّالِحِينَ (10) Качан гана силерден бирөөңөргө өлүм (сааты) келгенде «О, Раббим! Эгер мени бир аз мөөнөткө (жанымды албай) койо турсаң, садака кылып, жакшы адамдардан болоор элем!» деп (чыйпылыктап) калаардан мурда силерге Аллаһ берген ырыскылардан садака кылып калгыла |
وَلَن يُؤَخِّرَ اللَّهُ نَفْسًا إِذَا جَاءَ أَجَلُهَا ۚ وَاللَّهُ خَبِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ (11) Ажалы жетип калса, Аллаһ эч бир жанга мөөнөт бербейт! Аллаһ силердин бардык ишиңерден Кабардар |