القرآن باللغة القرغيزية - سورة التكاثر مترجمة إلى اللغة القرغيزية، Surah Takathur in Kirghiz. نوفر ترجمة دقيقة سورة التكاثر باللغة القرغيزية - Kirghiz, الآيات 8 - رقم السورة 102 - الصفحة 600.

| أَلْهَاكُمُ التَّكَاثُرُ (1) (Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду | 
| حَتَّىٰ زُرْتُمُ الْمَقَابِرَ (2) Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин | 
| كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ (3) Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар | 
| ثُمَّ كَلَّا سَوْفَ تَعْلَمُونَ (4) Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сурак учурунда) билип аласыңар | 
| كَلَّا لَوْ تَعْلَمُونَ عِلْمَ الْيَقِينِ (5) Жок-жок, эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер) | 
| لَتَرَوُنَّ الْجَحِيمَ (6) (Эми) тозокту көрүшүңөр анык | 
| ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيْنَ الْيَقِينِ (7) Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр | 
| ثُمَّ لَتُسْأَلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنِ النَّعِيمِ (8) Андан соң, ошол күнү (Аллаһ тарабынан аманатка берилген) нээматтар (өмүр, мал-дүйнө, бала-чака) жөнүндө албетте сураласыңар |