وَالْفَجْرِ (1) Таңгаант |
وَلَيَالٍ عَشْرٍ (2) Онтүнгөант |
وَالشَّفْعِ وَالْوَتْرِ (3) Жуп менен такка ант |
وَاللَّيْلِ إِذَا يَسْرِ (4) Жана өтүп жаткан түнгө ант |
هَلْ فِي ذَٰلِكَ قَسَمٌ لِّذِي حِجْرٍ (5) Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле |
أَلَمْ تَرَ كَيْفَ فَعَلَ رَبُّكَ بِعَادٍ (6) Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү |
إِرَمَ ذَاتِ الْعِمَادِ (7) (Түркүктүү Ирамды) (эмне кылганынчы) |
الَّتِي لَمْ يُخْلَقْ مِثْلُهَا فِي الْبِلَادِ (8) Ага окшогону эч бир өлкөдө жаратылбаган эле |
وَثَمُودَ الَّذِينَ جَابُوا الصَّخْرَ بِالْوَادِ (9) Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү) |
وَفِرْعَوْنَ ذِي الْأَوْتَادِ (10) Кубаттуу аскерлердин ээси Фираунду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү) |
الَّذِينَ طَغَوْا فِي الْبِلَادِ (11) Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен |
فَأَكْثَرُوا فِيهَا الْفَسَادَ (12) жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу |
فَصَبَّ عَلَيْهِمْ رَبُّكَ سَوْطَ عَذَابٍ (13) Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды |
إِنَّ رَبَّكَ لَبِالْمِرْصَادِ (14) Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу |
فَأَمَّا الْإِنسَانُ إِذَا مَا ابْتَلَاهُ رَبُّهُ فَأَكْرَمَهُ وَنَعَّمَهُ فَيَقُولُ رَبِّي أَكْرَمَنِ (15) Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт |
وَأَمَّا إِذَا مَا ابْتَلَاهُ فَقَدَرَ عَلَيْهِ رِزْقَهُ فَيَقُولُ رَبِّي أَهَانَنِ (16) Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт |
كَلَّا ۖ بَل لَّا تُكْرِمُونَ الْيَتِيمَ (17) Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар |
وَلَا تَحَاضُّونَ عَلَىٰ طَعَامِ الْمِسْكِينِ (18) Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр |
وَتَأْكُلُونَ التُّرَاثَ أَكْلًا لَّمًّا (19) Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер |
وَتُحِبُّونَ الْمَالَ حُبًّا جَمًّا (20) Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр |
كَلَّا إِذَا دُكَّتِ الْأَرْضُ دَكًّا دَكًّا (21) Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде |
وَجَاءَ رَبُّكَ وَالْمَلَكُ صَفًّا صَفًّا (22) жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде |
وَجِيءَ يَوْمَئِذٍ بِجَهَنَّمَ ۚ يَوْمَئِذٍ يَتَذَكَّرُ الْإِنسَانُ وَأَنَّىٰ لَهُ الذِّكْرَىٰ (23) Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана |
يَقُولُ يَا لَيْتَنِي قَدَّمْتُ لِحَيَاتِي (24) (Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт |
فَيَوْمَئِذٍ لَّا يُعَذِّبُ عَذَابَهُ أَحَدٌ (25) Ал күнү Аллаһ азаптагандай эч ким азаптай албайт |
وَلَا يُوثِقُ وَثَاقَهُ أَحَدٌ (26) Аллаһ байлагандай эч ким байлай албайт |
يَا أَيَّتُهَا النَّفْسُ الْمُطْمَئِنَّةُ (27) О,тынч- бейпил жан |
ارْجِعِي إِلَىٰ رَبِّكِ رَاضِيَةً مَّرْضِيَّةً (28) (Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын |
فَادْخُلِي فِي عِبَادِي (29) Менин (жакшы) пенделериме кошулгун |
وَادْخُلِي جَنَّتِي (30) жана Менин Бейишиме киргин |