وَالذَّارِيَاتِ ذَرْوًا (1) (Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант |
فَالْحَامِلَاتِ وِقْرًا (2) Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант |
فَالْجَارِيَاتِ يُسْرًا (3) Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант |
فَالْمُقَسِّمَاتِ أَمْرًا (4) (Аллаһтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант |
إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٌ (5) (О, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе? — бул чындык |
وَإِنَّ الدِّينَ لَوَاقِعٌ (6) Жана Кыямат сөзсүз болуучу |
وَالسَّمَاءِ ذَاتِ الْحُبُكِ (7) Кооз-көркөм асманга ант |
إِنَّكُمْ لَفِي قَوْلٍ مُّخْتَلِفٍ (8) (Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр) |
يُؤْفَكُ عَنْهُ مَنْ أُفِكَ (9) Андан (Кураандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат |
قُتِلَ الْخَرَّاصُونَ (10) Жалганчыларга өлүм |
الَّذِينَ هُمْ فِي غَمْرَةٍ سَاهُونَ (11) Алар наадандык толкундарында адашкандар |
يَسْأَلُونَ أَيَّانَ يَوْمُ الدِّينِ (12) (Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?»-деп сурашат |
يَوْمَ هُمْ عَلَى النَّارِ يُفْتَنُونَ (13) Ал Күнү тозокто азап тартышат |
ذُوقُوا فِتْنَتَكُمْ هَٰذَا الَّذِي كُنتُم بِهِ تَسْتَعْجِلُونَ (14) (Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр — ушул» (деп айтылат) |
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ (15) (Ал эми) такыба кишилер Бейиштерде, булактарда |
آخِذِينَ مَا آتَاهُمْ رَبُّهُمْ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا قَبْلَ ذَٰلِكَ مُحْسِنِينَ (16) Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан |
كَانُوا قَلِيلًا مِّنَ اللَّيْلِ مَا يَهْجَعُونَ (17) Алар түндөсү бир аз эле укташкан |
وَبِالْأَسْحَارِ هُمْ يَسْتَغْفِرُونَ (18) Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан |
وَفِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ لِّلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ (19) Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын? акысы болгон |
وَفِي الْأَرْضِ آيَاتٌ لِّلْمُوقِنِينَ (20) Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллаһтын Кудуретине) белгилер бар |
وَفِي أَنفُسِكُمْ ۚ أَفَلَا تُبْصِرُونَ (21) Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы |
وَفِي السَّمَاءِ رِزْقُكُمْ وَمَا تُوعَدُونَ (22) Асманда силердин ырыскыңар! жана силерге убада кылынган нерселер бар |
فَوَرَبِّ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ إِنَّهُ لَحَقٌّ مِّثْلَ مَا أَنَّكُمْ تَنطِقُونَ (23) Асман жана жердин Раббисине ант, (о, инсандар) албетте ал (Аллаһтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат |
هَلْ أَتَاكَ حَدِيثُ ضَيْفِ إِبْرَاهِيمَ الْمُكْرَمِينَ (24) (О, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле |
إِذْ دَخَلُوا عَلَيْهِ فَقَالُوا سَلَامًا ۖ قَالَ سَلَامٌ قَوْمٌ مُّنكَرُونَ (25) Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди |
فَرَاغَ إِلَىٰ أَهْلِهِ فَجَاءَ بِعِجْلٍ سَمِينٍ (26) Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди |
فَقَرَّبَهُ إِلَيْهِمْ قَالَ أَلَا تَأْكُلُونَ (27) Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди |
فَأَوْجَسَ مِنْهُمْ خِيفَةً ۖ قَالُوا لَا تَخَفْ ۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَامٍ عَلِيمٍ (28) Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун»-дешти алар жана ага (келечекте) аалым (боло турган) перзенттин куш кабарын беришти |
فَأَقْبَلَتِ امْرَأَتُهُ فِي صَرَّةٍ فَصَكَّتْ وَجْهَهَا وَقَالَتْ عَجُوزٌ عَقِيمٌ (29) Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!» |
قَالُوا كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ ۖ إِنَّهُ هُوَ الْحَكِيمُ الْعَلِيمُ (30) «Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» -дешти (периштелер) |
۞ قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا الْمُرْسَلُونَ (31) «О, элчилер, эмне жумуш менен?» деди. (Ибрахим) |
قَالُوا إِنَّا أُرْسِلْنَا إِلَىٰ قَوْمٍ مُّجْرِمِينَ (32) (Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик |
لِنُرْسِلَ عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِّن طِينٍ (33) Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн |
مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلْمُسْرِفِينَ (34) Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган |
فَأَخْرَجْنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ (35) Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык |
فَمَا وَجَدْنَا فِيهَا غَيْرَ بَيْتٍ مِّنَ الْمُسْلِمِينَ (36) Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн! башка мусулмандарды таппадык |
وَتَرَكْنَا فِيهَا آيَةً لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ الْعَذَابَ الْأَلِيمَ (37) Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык |
وَفِي مُوسَىٰ إِذْ أَرْسَلْنَاهُ إِلَىٰ فِرْعَوْنَ بِسُلْطَانٍ مُّبِينٍ (38) Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фираунга анык далил (дин) менен жибердик эле |
فَتَوَلَّىٰ بِرُكْنِهِ وَقَالَ سَاحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ (39) (Фираун) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди»-деди |
فَأَخَذْنَاهُ وَجُنُودَهُ فَنَبَذْنَاهُمْ فِي الْيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٌ (40) Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу |
وَفِي عَادٍ إِذْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ الرِّيحَ الْعَقِيمَ (41) Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр? шамалды жибердик |
مَا تَذَرُ مِن شَيْءٍ أَتَتْ عَلَيْهِ إِلَّا جَعَلَتْهُ كَالرَّمِيمِ (42) Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду |
وَفِي ثَمُودَ إِذْ قِيلَ لَهُمْ تَمَتَّعُوا حَتَّىٰ حِينٍ (43) Жана Самуд (элинин окуясын) да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды |
فَعَتَوْا عَنْ أَمْرِ رَبِّهِمْ فَأَخَذَتْهُمُ الصَّاعِقَةُ وَهُمْ يَنظُرُونَ (44) Алар Аллаһтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады!” |
فَمَا اسْتَطَاعُوا مِن قِيَامٍ وَمَا كَانُوا مُنتَصِرِينَ (45) (Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады |
وَقَوْمَ نُوحٍ مِّن قَبْلُ ۖ إِنَّهُمْ كَانُوا قَوْمًا فَاسِقِينَ (46) Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон |
وَالسَّمَاءَ بَنَيْنَاهَا بِأَيْدٍ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ (47) Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз |
وَالْأَرْضَ فَرَشْنَاهَا فَنِعْمَ الْمَاهِدُونَ (48) Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз |
وَمِن كُلِّ شَيْءٍ خَلَقْنَا زَوْجَيْنِ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ (49) Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер |
فَفِرُّوا إِلَى اللَّهِ ۖ إِنِّي لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌ مُّبِينٌ (50) (Бардык күнөөдөн) Аллаһка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн |
وَلَا تَجْعَلُوا مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ ۖ إِنِّي لَكُم مِّنْهُ نَذِيرٌ مُّبِينٌ (51) Аллаһ менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн |
كَذَٰلِكَ مَا أَتَى الَّذِينَ مِن قَبْلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُوا سَاحِرٌ أَوْ مَجْنُونٌ (52) Ошентип, алардан (Макка мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен |
أَتَوَاصَوْا بِهِ ۚ بَلْ هُمْ قَوْمٌ طَاغُونَ (53) Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллаһка) каршы чыккан элдер |
فَتَوَلَّ عَنْهُمْ فَمَا أَنتَ بِمَلُومٍ (54) (О, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң |
وَذَكِّرْ فَإِنَّ الذِّكْرَىٰ تَنفَعُ الْمُؤْمِنِينَ (55) Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет |
وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ (56) Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым |
مَا أُرِيدُ مِنْهُم مِّن رِّزْقٍ وَمَا أُرِيدُ أَن يُطْعِمُونِ (57) Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.” |
إِنَّ اللَّهَ هُوَ الرَّزَّاقُ ذُو الْقُوَّةِ الْمَتِينُ (58) Чынында, Аллаһ бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү |
فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا ذَنُوبًا مِّثْلَ ذَنُوبِ أَصْحَابِهِمْ فَلَا يَسْتَعْجِلُونِ (59) Эми, зулум кылган адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун |
فَوَيْلٌ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا مِن يَوْمِهِمُ الَّذِي يُوعَدُونَ (60) Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун |