وَالشَّمْسِ وَضُحَاهَا (1) Күн жана анын жарыгына ант |
وَالْقَمَرِ إِذَا تَلَاهَا (2) Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант |
وَالنَّهَارِ إِذَا جَلَّاهَا (3) Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант |
وَاللَّيْلِ إِذَا يَغْشَاهَا (4) Жана аны ороп кала турган түнгө ант |
وَالسَّمَاءِ وَمَا بَنَاهَا (5) Асманга жана аны (бекем) курганга? ант |
وَالْأَرْضِ وَمَا طَحَاهَا (6) Жерге жана аны жайганга ант |
وَنَفْسٍ وَمَا سَوَّاهَا (7) Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!° |
فَأَلْهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقْوَاهَا (8) Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду |
قَدْ أَفْلَحَ مَن زَكَّاهَا (9) Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет |
وَقَدْ خَابَ مَن دَسَّاهَا (10) Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат |
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِطَغْوَاهَا (11) Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды |
إِذِ انبَعَثَ أَشْقَاهَا (12) Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду |
فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ اللَّهِ نَاقَةَ اللَّهِ وَسُقْيَاهَا (13) Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди |
فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمْدَمَ عَلَيْهِمْ رَبُّهُم بِذَنبِهِمْ فَسَوَّاهَا (14) Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды |
وَلَا يَخَافُ عُقْبَاهَا (15) Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт |