| سَبِّحِ اسْمَ رَبِّكَ الْأَعْلَى (1) Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула
 | 
| الَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ (2) Ал\(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган
 | 
| وَالَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ (3) Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган
 | 
| وَالَّذِي أَخْرَجَ الْمَرْعَىٰ (4) Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып
 | 
| فَجَعَلَهُ غُثَاءً أَحْوَىٰ (5) андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот
 | 
| سَنُقْرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰ (6) (О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың
 | 
| إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّهُ يَعْلَمُ الْجَهْرَ وَمَا يَخْفَىٰ (7) Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет
 | 
| وَنُيَسِّرُكَ لِلْيُسْرَىٰ (8) Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз
 | 
| فَذَكِّرْ إِن نَّفَعَتِ الذِّكْرَىٰ (9) Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын
 | 
| سَيَذَّكَّرُ مَن يَخْشَىٰ (10) (Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат
 | 
| وَيَتَجَنَّبُهَا الْأَشْقَى (11) Шордуу адам болсо андан качат
 | 
| الَّذِي يَصْلَى النَّارَ الْكُبْرَىٰ (12) Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши
 | 
| ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَىٰ (13) Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт
 | 
| قَدْ أَفْلَحَ مَن تَزَكَّىٰ (14) Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти
 | 
| وَذَكَرَ اسْمَ رَبِّهِ فَصَلَّىٰ (15) Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти)
 | 
| بَلْ تُؤْثِرُونَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا (16) Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар
 | 
| وَالْآخِرَةُ خَيْرٌ وَأَبْقَىٰ (17) Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк
 | 
| إِنَّ هَٰذَا لَفِي الصُّحُفِ الْأُولَىٰ (18) Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле
 | 
| صُحُفِ إِبْرَاهِيمَ وَمُوسَىٰ (19) Ибрахимдин жана Мусанын барактарында
 |