كهيعص (1) Каф, Хаа, Яаа, Айын, Саад.” |
ذِكْرُ رَحْمَتِ رَبِّكَ عَبْدَهُ زَكَرِيَّا (2) (Бул—) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген Ырайымынын кабары |
إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُ نِدَاءً خَفِيًّا (3) Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып |
قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ الْعَظْمُ مِنِّي وَاشْتَعَلَ الرَّأْسُ شَيْبًا وَلَمْ أَكُن بِدُعَائِكَ رَبِّ شَقِيًّا (4) (мындай) деди: «О, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм бошошуп, карылыктан чач агара баштады! О, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин |
وَإِنِّي خِفْتُ الْمَوَالِيَ مِن وَرَائِي وَكَانَتِ امْرَأَتِي عَاقِرًا فَهَبْ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيًّا (5) Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым туубас болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи |
يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنْ آلِ يَعْقُوبَ ۖ وَاجْعَلْهُ رَبِّ رَضِيًّا (6) Ал мага жана Яькубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! О, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!» |
يَا زَكَرِيَّا إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ اسْمُهُ يَحْيَىٰ لَمْ نَجْعَل لَّهُ مِن قَبْلُ سَمِيًّا (7) «О, Закария! Биз сени Яхйа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз» |
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَكَانَتِ امْرَأَتِي عَاقِرًا وَقَدْ بَلَغْتُ مِنَ الْكِبَرِ عِتِيًّا (8) «О, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым туубас болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!» |
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ وَقَدْ خَلَقْتُكَ مِن قَبْلُ وَلَمْ تَكُ شَيْئًا (9) «Ошондой» — деди (Аллаһ)— Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең» |
قَالَ رَبِّ اجْعَل لِّي آيَةً ۚ قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَ لَيَالٍ سَوِيًّا (10) «О, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!»-деди (Закария) «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың»-деди (Аллаһ)?” |
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوْمِهِ مِنَ الْمِحْرَابِ فَأَوْحَىٰ إِلَيْهِمْ أَن سَبِّحُوا بُكْرَةً وَعَشِيًّا (11) Ал (ибадатканадагы) михрабдан? коомуна чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхйа туулду, атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллаһ Таала айтты) |
يَا يَحْيَىٰ خُذِ الْكِتَابَ بِقُوَّةٍ ۖ وَآتَيْنَاهُ الْحُكْمَ صَبِيًّا (12) «О, Яахйа! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде берген элек |
وَحَنَانًا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَاةً ۖ وَكَانَ تَقِيًّا (13) Жана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал -такыбаа |
وَبَرًّا بِوَالِدَيْهِ وَلَمْ يَكُن جَبَّارًا عَصِيًّا (14) ата-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду |
وَسَلَامٌ عَلَيْهِ يَوْمَ وُلِدَ وَيَوْمَ يَمُوتُ وَيَوْمَ يُبْعَثُ حَيًّا (15) Ага туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллаһтын) салам(ы) болсун |
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مَرْيَمَ إِذِ انتَبَذَتْ مِنْ أَهْلِهَا مَكَانًا شَرْقِيًّا (16) (О, Мухаммад) сен Китепте (Кураанда) Марямды(н икаясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш-тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып |
فَاتَّخَذَتْ مِن دُونِهِمْ حِجَابًا فَأَرْسَلْنَا إِلَيْهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرًا سَوِيًّا (17) Алардан чүмбөттөнүп алды.! Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Марямга кадимки инсан кейпинде көрүндү |
قَالَتْ إِنِّي أَعُوذُ بِالرَّحْمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيًّا (18) (Анда, Марям) айтты: «Мени сенден Рахман (Аллаһ) сактасын! Эгер Аллаһтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!» |
قَالَ إِنَّمَا أَنَا رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَامًا زَكِيًّا (19) «(Коркпо) — деди ал — Мен Раббиңдин элчиси (периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)» |
قَالَتْ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَلَمْ يَمْسَسْنِي بَشَرٌ وَلَمْ أَكُ بَغِيًّا (20) (Марям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, кайдан бала болсун?!» |
قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٌ ۖ وَلِنَجْعَلَهُ آيَةً لِّلنَّاسِ وَرَحْمَةً مِّنَّا ۚ وَكَانَ أَمْرًا مَّقْضِيًّا (21) (Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бил иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Марямдын көйнөгүнүн жакасына дем салды. Ушул демден улам) |
۞ فَحَمَلَتْهُ فَانتَبَذَتْ بِهِ مَكَانًا قَصِيًّا (22) Ал (Ыйсага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды |
فَأَجَاءَهَا الْمَخَاضُ إِلَىٰ جِذْعِ النَّخْلَةِ قَالَتْ يَا لَيْتَنِي مِتُّ قَبْلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسْيًا مَّنسِيًّا (23) Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын бутагына алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «О, кана эми, ушуга чейин эле өлүп калган жана тап-такыр унутулуп кеткен болсом!» - деди |
فَنَادَاهَا مِن تَحْتِهَا أَلَّا تَحْزَنِي قَدْ جَعَلَ رَبُّكِ تَحْتَكِ سَرِيًّا (24) Ошондо, андан ылдыйраак жерден (Жебирейил периште үн катты): «Кайгырба, Раббиң бутуңдун астынан суу (дарыя) агызып койду |
وَهُزِّي إِلَيْكِ بِجِذْعِ النَّخْلَةِ تُسَاقِطْ عَلَيْكِ رُطَبًا جَنِيًّا (25) Жана өзүңө курма бутагын силкитсең, сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт |
فَكُلِي وَاشْرَبِي وَقَرِّي عَيْنًا ۖ فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ الْبَشَرِ أَحَدًا فَقُولِي إِنِّي نَذَرْتُ لِلرَّحْمَٰنِ صَوْمًا فَلَنْ أُكَلِّمَ الْيَوْمَ إِنسِيًّا (26) Эми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ымаа-ишаарат менен): «Мен Рахман (Аллаһ) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн» дегин |
فَأَتَتْ بِهِ قَوْمَهَا تَحْمِلُهُ ۖ قَالُوا يَا مَرْيَمُ لَقَدْ جِئْتِ شَيْئًا فَرِيًّا (27) (Марям) баласын көтөрүп коомуна келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «О, Марям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың |
يَا أُخْتَ هَارُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ امْرَأَ سَوْءٍ وَمَا كَانَتْ أُمُّكِ بَغِيًّا (28) О, Харундун карындашы! Сенин атаң бузук, апаң сойку эмес эле го!» |
فَأَشَارَتْ إِلَيْهِ ۖ قَالُوا كَيْفَ نُكَلِّمُ مَن كَانَ فِي الْمَهْدِ صَبِيًّا (29) Марям («бөбөгүмдөн сурагыла» дегендей) ага ишарат кылды. «Бешиктеги бөбөк менен кантип сүйлөшөбүз?!» дешти. (Ошондо, Аллаһ Өзүнүн Кудурети менен бөбөк — Ыйсаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип) |
قَالَ إِنِّي عَبْدُ اللَّهِ آتَانِيَ الْكِتَابَ وَجَعَلَنِي نَبِيًّا (30) Айтты: «Мен — Аллаһтын пендесимин.! Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды |
وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيْنَ مَا كُنتُ وَأَوْصَانِي بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ مَا دُمْتُ حَيًّا (31) Ал мени кайда барсам берекеттүү кылып, мага — денемде жаным болсо эле — намаз окуп, зекет берүүнү |
وَبَرًّا بِوَالِدَتِي وَلَمْ يَجْعَلْنِي جَبَّارًا شَقِيًّا (32) Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады |
وَالسَّلَامُ عَلَيَّ يَوْمَ وُلِدتُّ وَيَوْمَ أَمُوتُ وَيَوْمَ أُبْعَثُ حَيًّا (33) Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тирилген күндөрүмдө мага (Аллаһ тарабынан) тынчтык-амандык болсун!» |
ذَٰلِكَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ ۚ قَوْلَ الْحَقِّ الَّذِي فِيهِ يَمْتَرُونَ (34) (Яхудийлер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Марямдын уулу Ыйса (жөнүндөгү) Аллаһтын Сөзү — ушул |
مَا كَانَ لِلَّهِ أَن يَتَّخِذَ مِن وَلَدٍ ۖ سُبْحَانَهُ ۚ إِذَا قَضَىٰ أَمْرًا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُ كُن فَيَكُونُ (35) (Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллаһка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат |
وَإِنَّ اللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمْ فَاعْبُدُوهُ ۚ هَٰذَا صِرَاطٌ مُّسْتَقِيمٌ (36) «Чынында, менин жана силердин Раббиңер — Аллаһ! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң Туура Жол!» |
فَاخْتَلَفَ الْأَحْزَابُ مِن بَيْنِهِمْ ۖ فَوَيْلٌ لِّلَّذِينَ كَفَرُوا مِن مَّشْهَدِ يَوْمٍ عَظِيمٍ (37) Кийин жамааттар (Ыйса жөнүндө) талашып-тартыша баштады. Каапыр адамдарга Улуу Күбөлүк Күнүндө (Кыяматта) Тозок болсун |
أَسْمِعْ بِهِمْ وَأَبْصِرْ يَوْمَ يَأْتُونَنَا ۖ لَٰكِنِ الظَّالِمُونَ الْيَوْمَ فِي ضَلَالٍ مُّبِينٍ (38) Бизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.! Бирок, заалымдар ал Күнү терең адашууда |
وَأَنذِرْهُمْ يَوْمَ الْحَسْرَةِ إِذْ قُضِيَ الْأَمْرُ وَهُمْ فِي غَفْلَةٍ وَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ (39) (О, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (Тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт |
إِنَّا نَحْنُ نَرِثُ الْأَرْضَ وَمَنْ عَلَيْهَا وَإِلَيْنَا يُرْجَعُونَ (40) Жерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат |
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِبْرَاهِيمَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَّبِيًّا (41) Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл Пайгамбар эле |
إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ يَا أَبَتِ لِمَ تَعْبُدُ مَا لَا يَسْمَعُ وَلَا يُبْصِرُ وَلَا يُغْنِي عَنكَ شَيْئًا (42) Бир кезде ал атасына: «О, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз |
يَا أَبَتِ إِنِّي قَدْ جَاءَنِي مِنَ الْعِلْمِ مَا لَمْ يَأْتِكَ فَاتَّبِعْنِي أَهْدِكَ صِرَاطًا سَوِيًّا (43) О, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мага ээрчиңиз, сизди Туура Жолго (Жалгыз Аллаһка сыйынууга) баштаймын |
يَا أَبَتِ لَا تَعْبُدِ الشَّيْطَانَ ۖ إِنَّ الشَّيْطَانَ كَانَ لِلرَّحْمَٰنِ عَصِيًّا (44) Атакебай, шайтанга сыйынбаңыз!! Чынында, шайтан Рахманга (Аллаһ Таалага) каршы чыгуучу |
يَا أَبَتِ إِنِّي أَخَافُ أَن يَمَسَّكَ عَذَابٌ مِّنَ الرَّحْمَٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيْطَانِ وَلِيًّا (45) Атаке, мен сизди Рахмандын азабы кармабаса экен деп коркомун. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»-деди |
قَالَ أَرَاغِبٌ أَنتَ عَنْ آلِهَتِي يَا إِبْرَاهِيمُ ۖ لَئِن لَّمْ تَنتَهِ لَأَرْجُمَنَّكَ ۖ وَاهْجُرْنِي مَلِيًّا (46) (Анда атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!» |
قَالَ سَلَامٌ عَلَيْكَ ۖ سَأَسْتَغْفِرُ لَكَ رَبِّي ۖ إِنَّهُ كَانَ بِي حَفِيًّا (47) (Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу |
وَأَعْتَزِلُكُمْ وَمَا تَدْعُونَ مِن دُونِ اللَّهِ وَأَدْعُو رَبِّي عَسَىٰ أَلَّا أَكُونَ بِدُعَاءِ رَبِّي شَقِيًّا (48) «Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллаһтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар» |
فَلَمَّا اعْتَزَلَهُمْ وَمَا يَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ وَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ ۖ وَكُلًّا جَعَلْنَا نَبِيًّا (49) Аларды жана Аллаһтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Яькубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык |
وَوَهَبْنَا لَهُم مِّن رَّحْمَتِنَا وَجَعَلْنَا لَهُمْ لِسَانَ صِدْقٍ عَلِيًّا (50) Жана аларга (Ибрахим, Исхак, Яькубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык |
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ مُوسَىٰ ۚ إِنَّهُ كَانَ مُخْلَصًا وَكَانَ رَسُولًا نَّبِيًّا (51) Сен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон |
وَنَادَيْنَاهُ مِن جَانِبِ الطُّورِ الْأَيْمَنِ وَقَرَّبْنَاهُ نَجِيًّا (52) Биз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык |
وَوَهَبْنَا لَهُ مِن رَّحْمَتِنَا أَخَاهُ هَارُونَ نَبِيًّا (53) Жана Өз ырайымыбыздан Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик |
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِسْمَاعِيلَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صَادِقَ الْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًا نَّبِيًّا (54) Китепте Ысмайылды да эстегин. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле |
وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُ بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ وَكَانَ عِندَ رَبِّهِ مَرْضِيًّا (55) Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам |
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِدْرِيسَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَّبِيًّا (56) Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон |
وَرَفَعْنَاهُ مَكَانًا عَلِيًّا (57) Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк |
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِم مِّنَ النَّبِيِّينَ مِن ذُرِّيَّةِ آدَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ وَمِن ذُرِّيَّةِ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْرَائِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَاجْتَبَيْنَا ۚ إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُ الرَّحْمَٰنِ خَرُّوا سُجَّدًا وَبُكِيًّا ۩ (58) Ушулар Аллаһ нээмат берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-салам) дан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исрайилдин (Яькубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып, Туура Жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулчу болсо, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат |
۞ فَخَلَفَ مِن بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا الصَّلَاةَ وَاتَّبَعُوا الشَّهَوَاتِ ۖ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا (59) Андан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намазды окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка жолугушат |
إِلَّا مَن تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ شَيْئًا (60) Ал эми, тооба кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар Бейишке киришет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт |
جَنَّاتِ عَدْنٍ الَّتِي وَعَدَ الرَّحْمَٰنُ عِبَادَهُ بِالْغَيْبِ ۚ إِنَّهُ كَانَ وَعْدُهُ مَأْتِيًّا (61) Адн" бейиштерди пенделерине Рахман (Аллаһ) кайыптан убада берген. Чынында, Анын убадасы сөзсүз болуучу |
لَّا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا إِلَّا سَلَامًا ۖ وَلَهُمْ رِزْقُهُمْ فِيهَا بُكْرَةً وَعَشِيًّا (62) Анда (Бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат |
تِلْكَ الْجَنَّةُ الَّتِي نُورِثُ مِنْ عِبَادِنَا مَن كَانَ تَقِيًّا (63) Биз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү Бейиш(тин баяны) ушул |
وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمْرِ رَبِّكَ ۖ لَهُ مَا بَيْنَ أَيْدِينَا وَمَا خَلْفَنَا وَمَا بَيْنَ ذَٰلِكَ ۚ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيًّا (64) «Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз.! Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллаһтын колунда. Раббиң унутчаак эмес |
رَّبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَاعْبُدْهُ وَاصْطَبِرْ لِعِبَادَتِهِ ۚ هَلْ تَعْلَمُ لَهُ سَمِيًّا (65) (Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!» |
وَيَقُولُ الْإِنسَانُ أَإِذَا مَا مِتُّ لَسَوْفَ أُخْرَجُ حَيًّا (66) (Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!»- дейт |
أَوَلَا يَذْكُرُ الْإِنسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِن قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْئًا (67) (Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек |
فَوَرَبِّكَ لَنَحْشُرَنَّهُمْ وَالشَّيَاطِينَ ثُمَّ لَنُحْضِرَنَّهُمْ حَوْلَ جَهَنَّمَ جِثِيًّا (68) (О, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, Тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз |
ثُمَّ لَنَنزِعَنَّ مِن كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمْ أَشَدُّ عَلَى الرَّحْمَٰنِ عِتِيًّا (69) Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Рахманга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана Тозокко биринчи ошолорду таштайбыз) |
ثُمَّ لَنَحْنُ أَعْلَمُ بِالَّذِينَ هُمْ أَوْلَىٰ بِهَا صِلِيًّا (70) Анан Тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз |
وَإِن مِّنكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتْمًا مَّقْضِيًّا (71) Силерден (Акыретке чогулган адамдардан) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр. (Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш |
ثُمَّ نُنَجِّي الَّذِينَ اتَّقَوا وَّنَذَرُ الظَّالِمِينَ فِيهَا جِثِيًّا (72) Андан соң Аллаһтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, заалым (каапыр)ларды чөгөлөгөн абалда Тозокто калтырабыз |
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَيُّ الْفَرِيقَيْنِ خَيْرٌ مَّقَامًا وَأَحْسَنُ نَدِيًّا (73) Жана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана мажилистери жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» дешет |
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هُمْ أَحْسَنُ أَثَاثًا وَرِئْيًا (74) Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз |
قُلْ مَن كَانَ فِي الضَّلَالَةِ فَلْيَمْدُدْ لَهُ الرَّحْمَٰنُ مَدًّا ۚ حَتَّىٰ إِذَا رَأَوْا مَا يُوعَدُونَ إِمَّا الْعَذَابَ وَإِمَّا السَّاعَةَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ هُوَ شَرٌّ مَّكَانًا وَأَضْعَفُ جُندًا (75) Айт (о, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Рахман аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!!» Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же Кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражасы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат |
وَيَزِيدُ اللَّهُ الَّذِينَ اهْتَدَوْا هُدًى ۗ وَالْبَاقِيَاتُ الصَّالِحَاتُ خَيْرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابًا وَخَيْرٌ مَّرَدًّا (76) Аллаһ Хидаят (Туура Жол) тапкан адамдарды көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак |
أَفَرَأَيْتَ الَّذِي كَفَرَ بِآيَاتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالًا وَوَلَدًا (77) (О, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү |
أَطَّلَعَ الْغَيْبَ أَمِ اتَّخَذَ عِندَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا (78) Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Рахман менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен |
كَلَّا ۚ سَنَكْتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُ مِنَ الْعَذَابِ مَدًّا (79) Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз |
وَنَرِثُهُ مَا يَقُولُ وَيَأْتِينَا فَرْدًا (80) Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү келишет |
وَاتَّخَذُوا مِن دُونِ اللَّهِ آلِهَةً لِّيَكُونُوا لَهُمْ عِزًّا (81) Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллаһтан башка нерселерди кудай кылып алышкан |
كَلَّا ۚ سَيَكْفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمْ وَيَكُونُونَ عَلَيْهِمْ ضِدًّا (82) Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат |
أَلَمْ تَرَ أَنَّا أَرْسَلْنَا الشَّيَاطِينَ عَلَى الْكَافِرِينَ تَؤُزُّهُمْ أَزًّا (83) Көрбөйсүңбү, чынында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт |
فَلَا تَعْجَلْ عَلَيْهِمْ ۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمْ عَدًّا (84) Сен аларга (азапты) шашылтырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз |
يَوْمَ نَحْشُرُ الْمُتَّقِينَ إِلَى الرَّحْمَٰنِ وَفْدًا (85) Ошол (Кыямат) Күнү Биз такыба кишилерди өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз |
وَنَسُوقُ الْمُجْرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرْدًا (86) (Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз |
لَّا يَمْلِكُونَ الشَّفَاعَةَ إِلَّا مَنِ اتَّخَذَ عِندَ الرَّحْمَٰنِ عَهْدًا (87) (Ал жерде) Рахман (Аллаһ) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.” |
وَقَالُوا اتَّخَذَ الرَّحْمَٰنُ وَلَدًا (88) (Мушриктер): «Аллаһтын баласы бар» дешти |
لَّقَدْ جِئْتُمْ شَيْئًا إِدًّا (89) (Эй, мушриктер) силер өтө опурталдуу сөз айттыңар |
تَكَادُ السَّمَاوَاتُ يَتَفَطَّرْنَ مِنْهُ وَتَنشَقُّ الْأَرْضُ وَتَخِرُّ الْجِبَالُ هَدًّا (90) Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор барчаланып кетиш мүмкүн |
أَن دَعَوْا لِلرَّحْمَٰنِ وَلَدًا (91) «Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү |
وَمَا يَنبَغِي لِلرَّحْمَٰنِ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًا (92) Рахманга бала тутунуунун зарылдыгы жок |
إِن كُلُّ مَن فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ إِلَّا آتِي الرَّحْمَٰنِ عَبْدًا (93) Асмандарда жана жердегинин баары Рахманга кул-пенде болуп, келишти |
لَّقَدْ أَحْصَاهُمْ وَعَدَّهُمْ عَدًّا (94) Аллаһ бардыгынын анык эсебин алып койгон |
وَكُلُّهُمْ آتِيهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ فَرْدًا (95) Бардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда келишет |
إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَيَجْعَلُ لَهُمُ الرَّحْمَٰنُ وُدًّا (96) Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Рахман сүйүүнү жаратат |
فَإِنَّمَا يَسَّرْنَاهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ الْمُتَّقِينَ وَتُنذِرَ بِهِ قَوْمًا لُّدًّا (97) (О, Мухаммад!) Биз Кураанды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (Бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) коркутушуң үчүн |
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُم مِّن قَرْنٍ هَلْ تُحِسُّ مِنْهُم مِّنْ أَحَدٍ أَوْ تَسْمَعُ لَهُمْ رِكْزًا (98) Биз бул (Маккадагы) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардан бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы |